Түбөлүк кыймылдаткыч– сырттан энергия албастан чексиз убакыт иштей алат деп элестетилүүчү кыймылдаткыч (1-типтеги Түбөлүк кыймылдаткыч). 1- типтеги Түбөлүк кыймылдаткычтын идеясы энергиянын айлануу жана сакталуу законуна каршы келет жана аны жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес. Механикалык Түбөлүк кыймылдаткычтын биринчи долбоору 13-к-га таандык (Виллар де Оннекур, 1225-ж; Пьер де Марикур, 1269-ж; Франция). Түбөлүк кыймылдаткычты жүзөгө ашыруунун көп кылымдык жемишсиз аракеттеринин натыйжасында 18-к-дын аягында окумуштуулардын арасында аны куруу мүмкүн эместиги жөнүндө ишеним чыңдалып, 1775-ж. Париж ИА Түбөлүк кыймылдаткычтын долбоорлорун кароодон баш тартышкан. 19-к-дын ортосунда энергиянын сакталуу жана айлануу закону тастыкталышы менен Түбөлүк кыймылдаткычты жүзөгө ашыруунун принципиалдуу мүмкүн эместиги далилденген. Түбөлүк кыймылдаткычтын сунуш кылынган моделдеринин арасында кандайдыр бир массивдүү нерсе туюк жол бойунча которулган механикалык Түбөлүк кыймылдаткычтар кеңири таралган. Жолдун кайсы бир бөлүктөрүндө (төмөн түшкөндө) нерсе жумуш аткарат, ал эми башка бөлүктөрүндө (жогору көтөрүлгөндө) нерсени которуу үчүн сырттан энергия талап кылынат. Мындай механизмдер аларга алгач ишке киргизилген кезде берилген кинетикалык энергиянын баштапкы запасынын эсебинен гана жумуш аткара алышат, качан бул энергия сарпталып бүткөндөн кийин Түбөлүк кыймылдаткыч токтойт. Түбөлүк кыймылдаткычтын бир катар татаал долбоорлорунда механикалык энергия энергиянын башка түрлөрүнө (электрдик, жылуулук ж. б.) айланып кетет. 1-типтеги Түбөлүк кыймылдаткыч менен катар, 2-типтеги Түбөлүк кыймылдаткычтар да каралган, алар курчап турган нерселерден (океандан, аба атмосферасынан ж. б.) алынган жылуулукту толугу менен жумушка айландыра алуучу, мезгилдүү иштөөчү машина катары элестетилген. Бул учурда чөйрө менен Түбөлүк кыймылдаткычтын суммардык энтропиясы азаюуга тийиш, бул болсо термодинамиканын 2-башталышына карама-каршы келет. Түбөлүк кыймылдаткычтардан энергиянын табигый запастарынын (Күн, атомдор ичиндеги ж.б. энергия) эсебинен иштөөчү «жалган» Түбөлүк кыймылдаткычды айырмалоо зарыл. Мындай механизмдер тетиктери керектен чыкканга чейин өтө узак иштейт, бирок аларды Түбөлүк кыймылдаткыч деп эсептөөгө болбойт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек.
  • ISBN 9967-14-010-0