Түндүк - боз үйдүн очогунан чыккан түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан ашып түшөт. Түндүк боз үйдүн тигилишинде тең салмакты кармап, анан көз тойгондой көркөм көрүнүшү аркылуу сынакай калктын элегинен өтөт. Түндүкчүлөр жеринен сейрек учурайт. Бул болсо өнөрдүн өтө кылдаттыгын, татаалдыгын, сыпаалыгын, жана оордугун аныктайт.

Түндүк
Түндүк көтөрүү

Айрым чеберлердин түндүк узануу дүкөнү — тегерек дөңгөлөк. Оболу, талды, же теректи кыйып келет. Жогоруда айтылгандай, корго салып кызытып алат. Түндүк жыгачы жоон болгондуктан, кызытууга эки-үч саат убакыт кетет. Тигил дөңгөлөк дүкөнүн төрт-беш жеринде чынжыры, башы иймектей үч лому болот. Жаактык жыгачты кызыткандан кийин дөңгөлөккө алып келип чынжыр, ломдун жардамы менен жаадай кылып, керип бекитилет. Ал бир ай бою жаткан жеринде кургатылат. Түндүктүн экинчи жаагын жасоодо да ушул ыкма дал өзүндөй кайталанат. Түндүктүн жаагы жыгачтын шартына жараша эки-үч бөлүктөн турушу ыктымал. Ошентип, түндүктүн тегерегин (айланасын) бүткөндөн кийин анын чамгарагы салынат. Түндүк чамгарагы үч-төрт чыбыктан турат. Анын уук көздөрү тегерете көзөлөт. Түндүктү жасоодо чеберлер бутагы жок кайыңды да тандашат. Мурун мунун ички бети чабылат. Жай мезгилде отуз күндө жыгач табына келе кургайт да, өзүнүн тезине салынат. Түндүк тези да кайыңдан жасалат. Аны беш-алты киши араң ийип, аркан-кендир менен байлап, башын куушуруп бириктирет. Анан анын сырткы кабыгына аарчып, дагы он беш күнчө кургатылууга коюлат. Көзү да үшкү аркылуу көзөлөт.

Кээ бир түндүкчүлөр буга турпан талды пайдаланат. Аны кыркып келип, жара чаап узундугу 3 метр, кыкка көөмп койсо, жыгач эки күндө былкылдап жибийт. Аны тезге коет. Ага эки-үч адамдын колу керек. Тезден чыккан түндүктү жер казыкка кагып, ошого жатак алдырат. Андан кийин тегиздеп чаап, бурама аркылуу карматып көзөйт. Муну ычытып көзөөчү курал «чулгуур» деп аталат. Уук-кереге жана түндүк кармоо үчүн усталардын дүкөнү болот. Түндүк кармаган адам боз үй жасай алат. Абалы цемент куюп, жаа кылып, чебер аны 180 ошого айлантып коет. Түндүктүк жыгач жарым айда кургатылат. Түндүктүн жарым үлгүсү үч метр болушу керек. Түндүктүн талдын ичке башы сегиз-он см ге барабар. Аны 5—6—8-см кылып, төрт бурчтуу чаап сүрүп, анан «кызытуу» дүкөнүнө салат. Ошондо он алты талды бир салып, эки саат кайнатабыз да, четинен тезге коёбуз.
Түндүктүн жоондугу 28—30 см болушу керек. Чамгарагы үч жарым см, тегереги (диаметри) 11 — 13 см ге барабар келет. Мында алты чамгарак үч-үчтөн кайчыланат. Мунун ар биринин аралыктары 10—13 см болушу тийиш. Ушул түндүк 55—65—75 баш үйлөргө шартташат. Түндүктө эки жарым үлүш жаа бар. Мунун ар бир жаасы үч метрден ченелет. Андагы эки жаанын биригишинде бир метрдей жыгачтын учу эки жаанын катталышы үчүн пайдаланылат. Ошондо эки биригиштин ортосу он см болот. Мында баарын эсептегенде 30 см ичинен биригип турат. Түндүк көздөрүнүн тактыгы жана төптүгү болот. Ар бир көзөнөктүн сырты эки чарчы см, ичи болсо эки жарым чарчы метр, көзөнөктөрдүн арасы, мисалы, 75 баштуу үйдө жети см, 65 баштуусунда сегиз см, 55 баштуусунда 9 см болуп өлчөнүп алынат.

Чамгарактары жылдырбай кармашы жана байлашы үчүн үчөөнү бириктирип турган жазы кооз жыгач жаткырылат. Анын узундугу чамгарактын үчөөсүнүн жазысынан бир аз ашып турушу тийиш. Ал 40 см дей келет. Түндүк көзөнөгүнүн ички бетине дат баспас үчүн ортосунан зым уруп да коюшат. Ал уук учунун ичине чыгып кетпейт да, уук учу жакшы көрүнөт.

Көпчүлүк жерлерде түндүктүн негизги жердигин талдан, теректен тандашат. Түндүктүн төрт талаасына кооздук үчүн шакек коюп, ага түрлөнтүп, оюм-чийим түшүрүү нускасы да бар. Түндүктүн чамгарагына кулжанын мүйүзүн, же күмүш чегеленген шакек койгон усталар да элибизге таандык. Түндүк көздөрүнүн ууктун башы чыкпас үчүн бөрктүү төбөлөмө жасалгандар кездешет.

Түндүк жасоонун дагы башкараак мына мындай ыкмасын да айта кетебиз. Муну жасоо үчүн айрым чеберлер кара жыгачты керектөөдө. Анткени, ал абдан катуу келет. Тең жара бөлүнгөн түндүктүн жыгачты узун бочкага төрт сааттай кайнатат. Мында балпылдап жумшарган жыгач кадимки чөп тырмоочу машинанын дөңгөлөгүнө бекитилет. Шамалдуу жайда бир нече күнчө как кургаган соң эки жаак эми үйдүн формасына карай ортосунан кыйыштыра ашталат. Бул жерден чаткалдык түндүк жасоочулар тууралуу да айта кетүү зарыл. Алар ийри кайыңдан кыркып келип, анын кабыгын аарчып, бир жылча эски саманга көөмп, табы келген чакта чабат. Мында беш-алты бөлүктөн турган чабакты бири-бирине жиксиз кынаштыра алып, түндүк жасаганын көрөбүз.

Илгерки чеберлер көлөмүнө карата түз жайга төрт алты балбан казык кагып, түндүктүн жаасын ошого жатак алдырган. Жаа аябай кынапталышы үчүн анын айрым жерлерине жыгач шынаа урулган да, түндүк жаткан жайында кургатылган. Ашталган түндүктүн эки жаасын шакекче аркылуу экиден төрт бурама менен карматылат. Түндүк көзүнүн аралыгы төрт см ден болот. Ал 22—23 мм болгон кол бургу аркылуу көзөлөт. Төрт чарчы болуп, уук учтары сайылат. Мында уук имерилбейт. Шамалда түндүк айланбай, бири-бирине тирешип, туруктуу абалды сактоо үчүн мунун беш көзүн оңго, бешөөн солго бурай көзөйт. Мурда азыркыдай техникалык жарак-жабдыктар дээрлик жок кезде түндүктүн бөлүктөрүн кумдуу кийиз менен жылмалоочу. Азыркы чеберлер кагаз өгөөнү пайдаланышат. Түндүккө да кол жеткиздей көркөм көрчөгөрлөр урулат.

Усталар түндүккө түбүнөн түз чыккан жоон талдарды тандашат. Мында да жерден килемче болуп чыккан тал табылгыс жердик болот. Түндүктү усталар эки-үч бөлүккө бөлүп ийип жүрөт. Муну антип кургатып олтурбайт. Илгери түндүктүн айланасын жерге чийип алып, аркы-терки казык урулган. Түндүктүн жыгачты «корго» алып, казыктардын арасында ийилип, ошол жактан жайында кургатылган. Эми болсо түндүктүн додей жер казып алып, ороо кылып, айланага ийип коюп, ошол бойдон кургатат. Ийине келе кургаган эки-үч жааны алып туруп, бири-бирине кынап, кадоо аркылуу бекитилет. Илгерки чеберлер шири коюп, чылгый көк менен таңганда, ал катып, укмуштай бек болгон. («Катуулугу ширидей» деген сөз бар.)

Темирден жасалган төрт кырдуу, учу учтуу, жыгачты көзөй турган курал «чулгуур» менен түндүк тешиктери көзөлөт. Мунун эки-үч түрү болот, биринчиси, из, кичине тешик салып кетет; экинчиси, ал изди чоңойтот; кеңейтип кетет, үчүнчүсү, ууктун учу баткандай көзөйт. Буларды биринен сала бирин отто ысытып туруу керек. Мында түндүктүн тешиктери уук сайылган тараптан баштап, ички бетине чейинки жантаймалуулугу 45° га барабар болот. Түндүктүн жыгачы кайыңдан да, кара талдан да, өрүктөн да тандалат. Мунун жоондугу бирдей болот. Ал эки кыйыктан (бөлүк) турат. Талдан жасалган түндүк жеңил көрүнөт. Кайыңдын түндүгү, кара жыгачтын түндүгү салмактуу келет. Ошол түндүктү «тепме түндүк» дейбиз. Ага уук да жакшы сайылат. Муну кыйып келээри менен аарчый коюп, сомдоп кургатып алып, он күндөй сууга салсаң ным араң өтөт. Корго салаарың менен чөп тырмоонун дөңгөлөгүнө жатак алдырат. Ал бир айда барып кургайт. Түндүк боз үйдүн өлчөмүнө карата аныкталат. 80 баш үйдүн түндүгүнүн айланасы 4 метр 80 см, 60 баш үйдүн түндүгү 4 метр 20 см болот. Мунсуз үйдүн сыны чыкпайт.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)