Түп районуКыргызстандын Ысык-Көл облусундагы административдик-аймактык бирдик. Административдик борбору — Түп айылы[3]. Түндүгүнөн, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Ысык-Көл району, түштүгүнөн, түштүк-чыгышынан Ак-Суу району менен чектешет. Батышынан Ысык-Көл чулгайт. Аянты 2,1 миң чарчы/км. Калкы 62,4 миң адам (2019). Райондо 13 айыл аймагы, 37 айыл бар (2021)[2].

Түп району
Герб
Герб
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 37 айыл[1].

Административдик борбор

Түп

Калкы

62,4 миң адам[2]

Улуттук курамы

кыргыздар — 87,7%
казактар — 6,2%
орустар — 4,4%[2]

Диний курамы

ислам, христиан

Аянты

2121 км²

Тууралыгы

42.735665

Узундук

78.433799

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Түп району Уикиказынада

Тарыхы түзөтүү

1935-жылдын 8-февралында (кээ бир маалыматтар боюнча 1934-жыл) негизделген. 1962-жылы Түп районуна Каракол (Пржевальск) району бириктирилген. Кийинчерээк кайрадан өзүнчө район болгон[2].

Табияты түзөтүү

 
Түп районундагы дөбөлөр.

Район негизинен Түп өрөөнүн жана Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түштүк капталын ээлейт. Түндүгүндө Тасма дөңсөөсү жайгашкан. Климаты континенттик, кышы өтө суук эмес, жайы салкын, райондун климатына «санташ» шамалынын (өзгөчө кыш айларында) таасири чоң. Июлдун орточо температурасы 17 — 20°С, январдыкы -5 ... -15°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500—700 мм. Негизги суулары: Түп (жогорку агымы Ак-Суу районуна караштуу) жана анын куймалары Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Бет, Табылгыты, Капа-Булак жана башкалар. Топурагы жана өсүмдүгү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык таралган. Өрөөн бөлүгүндө (2100 метрге чейин) күрөң жана коңур, андан жогору кара топурактуу. Түздүктөрдө талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоо капталдарында карагай, арча жана бадал өсөт. Андан жогору, 3200—3300 метрден баштап альп шалбаасы, ал эми 3500—3600 метрден — кардуу тилке жатат. Түп булуңунан балык кармалат. Жээк түздүктөрдө кыргоол, коён, ошондой эле байырлаштырылган уссури жанаты жана ондатр бар. Суучул куштардан ак кытан, токой чулдугу, куу, каз, өрдөк жана башкалар кыштайт.Токойлорунда элик, арыс, аюу, карышкыр, кашкулак жана башкалар, тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, андан башка улар, таз кара, бүркүт кездешет. Тоо-талаа шалбааларында суур көп. Калкы. Негизинен кыргыз, орус, казак, украин жана башкалар жашайт. Калкынын көбү Ысык-Көлдү бойлой отурукташкан. Орточо жыштыгы 1 кмга 27,5 киши[2].

Чарбасы түзөтүү

Райондо айыл чарба өнүккөн. Күрмөнтү цемент кыш заводдору, Түп нан заводу, турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты иштейт.Райондо 4 фермердик чарба, түрдүү акционердик коомдор бар (2009). Айыл чарба дүң продукциясынын 56% мал чарбасынан алынат. 1993-жылы айыл чарбага жарактуу жери 159,4 га, анын ичинде айдоо 51,2 миң га жайыт 105 миң га көп жылдык өсүмдүктөр 0,5 миң га, чабынды 4,3 миң гектарынын айдоо аянтынын 42% (21,1 миң га) сугарылат. Дан эгиндери (26,9 миң га тоют өсүмдүктөрү 20,8 миң га картөшкө 1,2миң га), жашылча 0,17 миң га айдалат. 1993-жылы райондун чарбаларында 655,1 миң центнер буудай, 190,2 миң ц. картөшкө, 60,4 миң ц. жашылча, 6,1 миң ц. мөмө-жемиш жыйналган. Мөмө дарактары, карагай жана башкалар отургузулган. 1992-жылы 142,2 миң кой, эчки, 27,6 миң уй, 5,5 миң чочко, 5,7 миң жылкы, 10,1 миң үй кушу болгон.1992-жылы 5,1 миң тонна эт (тирүүлөй салмак), 18,6 миң т. сүт, 449 т. жүн мамлекетке тапшырылган.Райондун аймагы аркылуу Бишкек - Каракол авто жолу өтөт. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992-93-окуу жылында 30 жалпы билим берүүчү мектепте 13,3 миң окуучу окуган; 1140 мугалим (913 жогорку билимдүү) иштеген. 15 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 1178 бала тарбияланган. Айыл чарба техникуму, борбордук китепкана жана анын 35 бөлүмү, 27 клуб бар. Райондук «Каркыра» гезити чыгат.5 оорукана, бейтапкана, 5 участкалык оорукана бар, айылдарда ФАП бар[2].

Ирригациялык курулмалары түзөтүү

Түп району сууну 24,8 миң га жерине суу Чыгыш Шинаты, Ак-Булак, Күрмөнтү, Чоң-Сары-Булак, Кичи-Сары-Булак, Шаты, Ичке-Суу, Көөчү, Батыш Корумду, Чыгыш Корумду, Чоң-Таш, Жылуу-Булак, Батыш Кең-Суу, Чыгыш Кең-Суу, Табылгыты, Кара-Суу, Түп, Жыргалаң сууларынын сугат системалары аркылуу жеткирилет (1993). Чарба аралык каналдардын узундугу 118,3 км. Мындагы гидротехникалык курулмалар 68, гидрокүзөттөр 66. Ири каналдары: Түп, Комсомол. Түп башкы каналы 1985-жылы реконструкцияланган, узундугу 28 км, суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 15 м, 27 автоматтык жапкыч менен жабдылган.6,8 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Комсомол каналы сууну Жыргалаң суусунун төмөнкү агымына орнотулган «Тепке» насос станциясынан (5 агрегаттан турат) алат; суу (80 м бийиктикке көтөрүлөт) өткөрүмдүүлүгү 6 м/сек; 5,5 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Сугатта «фрегат», «Волжанка» жамгырлатма машиналары, «Интерсигма» насос станциясы пайдаланылат. 2 жамгырлатма машина «Победа» колхозунун 800 га, мамлекеттик атайы чарбанын 750 га жерин сугарат. Түп районунун ирригациялык курулмалары райондук сугат тармактар башкармасына (Түп айылы, 1993-жылы бардыгы 92 киши, анын ичинде 32 инженер, 8 гидротехник, 22 көзөмөлдөгүч, 8 электр-моторчу иштеген) карайт[2].

Курамы түзөтүү

Райондо 13 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 37 айыл бар[1]:

Булактар түзөтүү

Тышкы шилтемелер түзөтүү

Түп районунун маданий-маалыматтык сайты: http://tyup.net