Түркманчай келишими - орус-перс согушу (1826-1828) аяктаган сон, Орусия менен Персиянын ортосундагы тынчтык келишими.

1828-ж. 10(21)-февралда Тебризге жакын Түркманчай кыштагында кол коюлган. Түркманчай келишими Гулстан тынчтык келиишмин (1813) бекемдеген, ошондой эле Орусияга Чыгыш Армения аймагы - Ереван жана Нахичеван хандыктары өтүп, Персия 20 млн күмүш акча контрибуция төлөөгө милдеттенген. Орусиянын Каспий деңизинде согуштук флотту кармоо укугу жана орус көпөстөрүнүн Персияда эркин соода кылуу укугу ырасталган. Түркманчай келишими Орусиянын Түштүк Кавказдагы абалын бекемдеген. Келишим Персияда жашаган армян эли үчүн маанилүү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4