Түркмөн тили - туркмөндөрдун тили; Түркмөнстан Республиканын мамлекеттик тили. Түркмөнстан, Өзбексган, Тажикстан, Казакстан, Түштүк Россия, Ооганстан, Түркия жана Иранга тараган тилдердин огуз тобуна кирет.

Негизги диалектилери: теке, йомут, эрсары, салыр, сарык, гөклен, чавдур, карадашлы, эски, арабачы, чегес, баят, сакар, кырач, чандыр, хасар, ата, анау, емрели, мехинли ж. б. Түркмөн тилинин диалекти жактан бөлүнүшү так изилденген эмес. Адабий тилинин негизин текин диалектисинин ахал айтымы түзөт. 1928-ж. чейин араб, 1940-ж. чейин латын, андан орус кириллицасына өткөн. 1993-жылдан латын графикасын колдонушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4