Түркстан тоо кыркасы түндүк капталы Кыргызстандын аймагына караштуу. Ал Алай кырка тоосунун батыш уландысы болуп, Фергана өрөөнүнүн батыш жагын түштүгүнөн курчап турат. Матча ашуусунан башталып, Жизак шаарынын меридианына чейин 300 км ге созулуп жатат. Чыгыш жагынын бийиктиги 5000 м ден ашык, батышка карай акырындап төмөндөп, 2000 м бийиктикте Нура-Ата тоосуна өтүп кетет. Кыргызстандын аймагына Сох суусунун төрүнөн Ак-Суунун алабына чейинки 140 км ге жакын бөлүгү караштуу. Эң жазы жери —20 км, эн бийик жери —5622 м.

Түркстан тоо кыркасы
Түркстан тоо кыркасы

Туурасы батышында 10–15 км, чыгышында 30 кмге чейин. Түн. ж-а түн.-батыш этеги Ачталаа ж-а Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н чектешет. Кыры батыштан чыгышка карай бийиктейт. Эң бийик жери – Аскалуу чокусу, 5621 м, башка бийик чокулары: Кишемишбашы (5290 м), Гранит (5278 м), Аксуу (5355 м),Сабах (5300 м), Парах (4743 м), Пирамида (5509 м) ж. б. Тоо асимметриялуу түзүлүштө: түш. бети тик (уз. 10–15 км), түндүгү жантайыңкы (уз. 60–80 км). Түн. капталы тоо кырына жарыш жаткан бир нече тоо тилкелеринен турат. Ирилери: Дауд, Адыгинетоо, Алтынбешик, Акташ, Сухумтоо, Көкчөтоо, Жамангул, Тохтабуз, Майдантоо, Каратоо, Белисынык ж.б. Алар тоо аралык депрессиялар – өрөөндөр (ойдуңдар) м-н бөлүнгөн.

Геология түзөтүү

Түзүлүшү татаал. Негизинен силур, девон, карбон, бор, юра мезгилдеринде пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ, конгломерат ж-а алевролит тектеринен турат. Т. к. т-нун аймагында пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит тектери да таралган. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү жайгашкан. Тоо тар- мактары тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Граниттүү пегматит тарамдарында калайдын, мусковиттин ж. б-дын ө. Ж-лык маанидеги кендери бар. Юра мезгилинин тектеринен таш көмүр кени табылган. Т. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 750 км2. Көбү орто ж-а чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ирилери: түш. капталында –Заравшан (уз. 28 км), Фарахнау (16 км), Толстой (11,6 км), Рама (16 км), Россинч (14 км), түн. капталында – Аксуу (11 км), Шуровский (8 км), Кишемиш (7 км), Райгородский (7 км) ж. б. Ири суулары: Исфара, Кожобакырган, Лейлек, Карасуу, Ак-суу. Кар чеги 3700–4000 м бийиктикте жатат. Түн. капталдарына шыбак-эфемердүү, баялыштуу жарым чөл (1500 м бийикке чейин), буудайыктуу талаа (1400–1800 м), бийик чөптүү талаа, шалбаалуу талаа ж-а бадалдар (1800–3000 м), токой (2900–3200 м), шалбаалуу субальп, шалбаалуу талаа, альп (3500–4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык зоналар таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2