Түрк кагандыгы

тарыхый мамлекет.

Түрк кагандыгы административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиналардын Улуу Түрк династиясын негиздөөчү Илиг-каган Бумын дүйнөдөн кайткан.

Талаа элдеринин салтына ылайык бийлик Бумындын иниси Истеминин колуна өткөн. Ал өз агасы өлгөнгө чейин эле Жети-Сууну, Борбордук жана Батыш Теңир-Тоону жердеген он ок уруусун (он жебе элин) өз ээлигине кошуп алган. Ушундан кийин Истеми "он уруу каганы" деген титулга ээ болгон. Ал чындыгында мамлекеттин батыш бөлүгүндө гана бийлик жүргүзгөн. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн башкарып турган Бумындын туугандары кагандын бийлигин жөн эле улантымыш болгону менен тышкы саясатты толук бойдон өз алдынча жүргүзүшкөн.

Эгерде Илиг-каган Мухан (553-572-жж.) – Түштүк Сибирди жана Түштүк Кытайды багынтуу менен убара болсо, анда он уруунун каганы Истеми Орто Азия жергесин жана Казакстандын кеңири талаасын багынтып алуу саясатын жүргүзгөн. Ал учурда Орто Азияны эфталиттер бийлеп турушкан. 555-ж. түрктөр менен ирандыктар эфталиттерге каршы союз түзүшкөн. Бул келишим Ирандын шахы Хосров Ануширвандын (531-579-жж.)

Истеми кагандын кызына үйлөнүшү менен бекемделет. 563-жана 567-жж. эфталиттерге Ирандын аскерлери батыштан, түрк атчан аскерлери түндүктөн кол салышып, аларды талкалашат. Орто Азиялыктардын жери менен кошо он уруу каганы Истеми эфталиттердин тактан түшүрүлгөн падышасынын титулун да алат. Кагандын убактылуу ордосу Теңир-Тоого жайгашкан, бул жерден бардык жактарга соода кербендерин, элчилерди жөнөтүп турууга ыңгайлуу эле.

Эфталиттерди талкалагандан кийин эле Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда чыр чыгат. Талаалыктардын салты боюнча Хосров Ануширван шах күйөө бала катары кагандын кичүү иниси болуп калууга тийиш болчу. Бирок шах бул салтка баш ийгиси келген эмес. Анын үстүнө Истеми мурда эфталиттерге берип жүргөн салыктын баарын эми түрк казынасына төгүүнү талап кылат. Бул талапты күч-кубаты артыла түшкөн Иран аткарбай коет.

Түрктөр Иранга биринин артынан экинчи элчисин жиберишет, бирок Хосров Ануширван элчилердин талабын жоопсуз калтырган. Кырдаалды экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн Иранда каза болушу ого бетер татаалдатты. Перстердин түрктөр үчүн Ирандын аптаптуу климаты терс таасир берди деген кулку келерлик шылтоосуна карабастан Истеми элчилер уулантылып өлтүрүлгөн деген чечимге келди. Бул мурдагы шериктештерди биротоло ажырашууга алып келди. Эми Иран батыш түрктөрү менен согушууга даярдана башташты.

Түрктөр Иранга каршы Византиялыктар менен келишим түзгөн. Бирок согуш башталганда түрктөрдүн аракети батыш жактан византиялыктар тарабынан колдоого алынган жок. Шах Хосров эки тарап менен согушуудан чочулап, Истеми менен союздаш болууга шашылды. Бирок, 571-ж. келишим боюнча Иран мурда эфталиттерге төлөп турган салыкты эми түрктөргө төлөөгө макул болду. 576-ж. түрктөрдүн башкаруучусу Турксанф Кара денизди бойлой жайгашкан Византияга кол салып, Боспорду каратып алат. 580-ж. түрктөр Крымды басып киришип, Херсонести курчап алышкан. Натыйжада Түрк кагандыгы евроазиялык кубаттуу өлкөгө айланган.

Ошентип, өздөрүнүн тышкы саясатында кайраттуу Истеми башында турган түрктөр чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок ийгиликтерди бекемдеп калууга мүмкүндүк болгон жок, анткени кагандыктын өзүндө ич ара ыйкытыйкы күчөп, бийлик үчүн узакка созулган кармашуу башталган. 575-жылы кадыр-баркы эл арасында жогору болгон каган Истеми дүйнөдөн өтөт. Түрк кагандыгын Таспар каган (572-581-жж.) – кыңк эттирбей башкарып турган.

Ал өлгөн соң кагандыктын тактысын төрт талапкер талашып, бири-бири менен айыгышкан күрөшкө чыгышат да, бир туугандардын кандары төгүлөт. Бул согуш төрт талапкердин үчөөсү өлгөндөн кийин гана басылат. Алардын арасынан Истеминин тирүү калган мурасчысы Тарду Боке каган батышта 587-ж. Түрк башкаруучусунун тактысына отурган. А бирок бийлик үчүн күрөш анын такка отурушу менен эле бүтүп калган жок.

Уруулар ортосундагы кандуу кармашуу Түрк кагандыгын алсыратып, анын тышкы саясатын кескин түрдө басаңдатып жиберген. Бул мезгилдин ичинде түрктөргө оор салык төлөп келишкен бытыранды Кытай Суй династиясына (581-618-жж.) баш кошуп, биригип алган эле. Экинчи бир салык төлөгөн өлкө – Иран 588-ж. Гераттын алдында түрктөргө оор сокку урат. 590-ж. болсо Византия түрктөрдөн Боспорду бошотуп алган.

Тарду Боке каган өлгөндөн кийин 603-ж. Түрк мамлекети Чыгыш жана Батыш кагандыктар болуп экиге бөлүнүп кеткен. Кыргызстандын мындан аркы тарыхы Батыш Түрк кагандыгы менен байланыштуу. VII к. башында Батыш Түрк кагандыгы "Он ок эли" мамлекетинин аты менен аталган. Ашина династиясынын мамлекет башчыларынын расмий титулдары болуп түрктүн "жабгу каганы" же "Он ок элинин каганы" эсептелинген.

Он ок эли Теңир-Тоонун жергиликтүү эли эле. Ал чоң эки бирикмеден: беш уруу биригип "нушиби" конфедерациясынын түзүп, Сыр-Дарыядан Чүй суусуна чейинки жерди ээлеп турган, экинчи беш ууру эл "дулу" деген жалпы ат менен Чүй дарыясынан тартып – Алтай менен Жунгария аймактарына жайгашкан. Батыш Түрк кагандыгынын курамына Чыгыш Түркстан, Орто Азия чөлкөмдөрүнүн дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлери, Арал боюндагы, Түндүк Кавказдагы талаалар кирген.

Анын административдик-саясий борбору болуп алды менен Талас өрөөнүндөгү Миң-Булак, 618-ж. баштап Суяб шаары (Токмок шаарына жакын жаткан Ак-Бешим шаар урандылары) эсептелинген. Батыш түрктөрү өз ич ара салгылашуунун кесепетинен Тон жабгу кагандын бийлигинин тушунда гана (618-630-жж.) кутулушту. Замандаштары ага саясий жактан да, аскердик жактан да жогорку баа беришкен. "Ал эч нерседен тартынбаган жана баарын алдын ала билген көрөгөч адам болгон.

Кандай кармашуу болсо да жеңиш менен аяктаган" деп жазышат кытай жылнаамачылары. Тон жабгу-каган антиирандык саясатты активдүү жүргүзгөн. Ал Ирандан Тохарстанды тартып алып, Афганстанды бүт бойдон жана Индиянын түндүгүн ээлеген. Византянын императору Ираклий менен келишим түзүп, Ирандын Закавказьедеги ээлеп турган жерине кол салып, Дербент, Тбилиси жана Партав шаарларын каратып алган.

Тон жабгу-каган маанилүү саясий-административдик реформа жүргүзүп, көчмөн эл менен Орто Азиянын оазистеринде жана Чыгыш Туркстанда жашаган даражалуу адамдардын укуктарын теңеген. Бул болсо мурда кескин түрдө артыкчылыктарга ээ болуп келген талаа аристократтарынын мыйзамсыз жеңилдиктерин биротоло жойгон. Вассалдык башкаруучулардын иштерин байкоого алуу үчүн жана салыктарды жыйнап туруу үчүн атайын наместниктер дайындалган. Көп узабай талаа феодалдарынын бири күтүлбөгөн жерден Тон жабгу-кагандын турагына кол салып, аны өлтүргөн.

Мына ушул окуя Ашина династиясынын, Он ок элинин жана аларга көз каранды болушкан Орто Азия менен Чыгыш Түркстан элдеринин арасындагы кадыр-баркын биротоло кетирген. Кайрадан уруулар арасында coгyш башталып, кагандардын улам-улам алмашып жана борбордук бийлик үчүн күрөштүн күчөшүнө алып келген. VII кылымдын аягында Кытайда Тан династиясы (618-907-жылдар) күч алган. Алар Чыгыш Түрк кагандыгын талкалаган. Турфан оазисин басып алып, өз бийлигин орноткон. Бул жер ал үчүн Батыш Түрк кагандыгына чабуул коюууга ыңгайлуу болгон. Кытайлар менен түрктөрдүн ортосундагы салгылашуу узакка созулган.

Акырында Иле дарыясында (565-ж.) болгон салгылашууда Кытай полководеци Су Динфан Ышбара кагандын аскерлерин талкалаган. Ышбара каган болсо өз аскерлери менен Чүй өрөөнүнө чегинет. Ал ушул жерден биротоло талкаланып, өзү колго түшөт. Теңир-Тоо жергесине реалдуу бийлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Тан императору Он ок элинин башына Ашина династиясынын батыш бутактарынын өкүлүн койгон. Марионеткалык кагандар элдин урматтоосуна жетише алышкан эмес.

Кагандык улам начарлай берген. Ашина династиясынын 23-каганы акыркысы болгон. Аны 704-ж. Кулан шаарында (азыркы Луговая станциясына жакын) түргөштөр өлтүрүшкөн ошентип Жети-Сууда жана Теңир-Тоодо түргөш кагандарынын династиясы бийликке келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010