Түштүк-Чыгыш Азия - Азиядагы табигый аймак. Индокытай, Малай архипелагын жана ага жакын жаткан аймактарды камтыйт.

Түштүк-Чыгыш Азия.

Аянты 4,5 млн км2. Рельефине орто бийиктиктеги тоолор, күдүрлүү түздүктөр мүнөздүү. Климаты нымдуу экватордук жана муссондуу субэкватордук; тропик токою жана саванна өсөт. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине Бруней, Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мьянма, Сингапур, Тайланд, көп учурда Филиппин да кирет. Айрым учурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерин Түштүк Азияга кошуп каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4