Ужунгпанданг (1970-ж. чейин жана 1999 жылдан Макасар) Индонезиядагы шаар, Түштүк Сулавеси провиндиясынын адм. борбору.

Тынч океандын Сулавеси а-ндагы Макасар булуңундагы порт.

Калкы 1,5 млн (2013; шаар айланасы менен 1,8 млн). Эл аралык аэропорту бар. Кеме жүрөт. Тамак-аш (кокос майы, балык беленделет ж. б.), текстиль, жыгаччылык, кеме куруу ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүк өнүккөн. ЖОЖ, китепкана, музей, парк, театрлар бар. 16-19-кылымдагы арх. эстеликтер ж. б. сакталган. 1607-жылдан шаар. Туризмдин борбору. «Пинаси» кайыктары менен белгилүү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4