Узбой (түрк тилинен - жансыз өрөөн, кургак нук) –

1) Борбордук Азиянын чөлдөрүндөгү шор баскан ойдуңдуу, көлдүү байыркы өрөөн. Сары-Камыш ойдуңунан Кара-Кум чөлүнүн түндүк-батыш жагын бойлой Каспий деңизине чейин созулуп жатат. Уз. 550 кмдей, туурасы 200-400 мден 24 кмте чейин. Бийикт. дениз дең. 50 жден төмөн. У. өрөөнү аркылуу 1-миң жылдыктын 1-жарымына чейин Аму-Дарыянын бир салаасы агып тургандыгы аныкталган. 20-кылымдын орто ченинде археол. изилдөөлөр жүргүзүлүп, неолит дооруна таандык тургун жайлар, коло доорундагы карапа буюмдар ж. б. табылган;

2) Борбордук Азиянын чөл аймактарындагы кургак нуктар, какшыган өрөөндөр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4