Уйгур тили

Борбордук Азия тили

Уйгур тили - уйгурлардын тили. Кытайга, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстанга тараган.

Түрк тилдеринин түштүк-чыгыш же карлук тобуна кирет. Адабий тили 20-кылымдын 30-жылдарында калыптанган. Уйгур тили кийинки аймактык өзгөчөлүктөрүнө карай үч диалектиге бөлүнөт: борбордук, түштук (хотан) жана чыгыш (лобнор). Уйгур тили орус графикасын, ал эми Синцзяндын адабий Уйгур тили араб графикасын колдонот. Чет тилдерден кирген сөздөр арбын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4