Уксус кислотасы, этан к-тасы, СН3СООН — ациклдик катардагы бир негиздүү карбон к-тасы. Мол. салм. 60,05. Кескин жыттуу, кычкыл даамдуу, түссүз суюктук. Суусуз таза У. к. 16,75°С музга окшогон катуу массага айланат. Кайноо t 118°С; тыгызд. 1,055 г/см3 (15°С). У. к. начар кислоталарга кирет. Суу, спирт, эфир, бензол менен бардык өлчөмдө аралашат. У. к. ө. ж-нда ацети-ленден Кучеров реакциясы боюнча алынган уксус альдегйди, катышуусунда 60°С аба же кычкылтек менен окистендирүүдөн алынат. Бул ыкма менен 95-97% У. к. алынат. Кобальт же жез ацетатынын катышуусунда, 40°С, 50-55% У. к. 30-35% уксус ангидридинин жана 10% суусунун аралашмасы алынат. Аралашманы буулантып айдоо менен У. к-н бөлүп алат. У. к-Н этиленден, этил спИртинен, күкүрт к-тасынын каты-шуусунда нитроэтандан алуунун тех. мааниси чоң. У, к. гидроксил группасы реакцияга активдүү болгондуктан, галоген атомуна, -SН, -ОС2Н5, -NН2, -NН-NН2, N3, -NНОН жана башка топторго орун алмашат. Мисалы, хлордуу ацетил СН3-СО-С1, уксус ангидриди — (СН3СО)2О, ацетамид-СН3СОNН2, азид (СН3СОN3), спирт менен этерификация реакциясына кирип, татаал эфирлерди — СН3-СОО-R пайда кылат. У. к. кеңири колдонулуучу зат. Техникада У. к. менен ацилдөө реакциясы, дары-дармек алуудагы баштапкы зат болгон ароматтык аминдер -NН2 группасын нитрлөө реакциясында окистенип кетүүдөн коргоо үчүн колдонулат. (аспирин, фенацетин жана башка алууда). Анын белгилүү саны ацетон, ацетилцеллюлоза, синтет. боёчу заттар өндүрүүдө, кездемени боёдо жана тамак-аш ө. ж-нда колдонулат. У. к. дем алуу органдарынын былжырлуу чел кабыктарын дүүлүктүрөт. Ошондуктан У. к. менен иштөө коньюктивит жана мурун былжырлуу чел кабыктарынын оорусун пайда кылат. 30% жогорку конц. эритмеси терини күйгүзүп кетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү