Улутчулдук - улут мамилелеринде ички жана тышкы экстремисттик күчтөрдүн таасири астында пайда болгон бөлүнүп-жарылууну үгүттөгөн идеология жана саясат, ошондой эле калган улуттарды теңсинбөөгө негизделген психология.

Улутчулдук улут арасында ишенбөөчүлүктү, касташууну пайда кылат. Улутчулдук улуттардын калыптануу процессинде жаралган жана учурдагы рыноктун теңтайлашуу процессинин өзгөчүлүктөрү менен шартталган.

Дүйнөлүк масштабда эки түрдө байкалат:

  • 1) дүйнөгө үстөмдүк кылган улуу державалардын башка, көз каранды улуттарга кемсинтүү мамилеси менен мүнөздөлгөн, экономикалык жана аймактык маселелерде өздөрүнүн кызыкчылыктарын чечүүгө умтулган саясат;
  • 2) адам укугуна ж. б. социалдык маселелерге таянып, улут аралык чыр-чатакты ырбатуу аркылуу айрым жаңыдан калыптанып келе аткан мамлекеттерди ар тараптуу күңкөр кылууга умтулуу. Учурда Улутчулдук ар түрдүү диний ж. б. экстремисттик күчтөрдүн таасиринде калып, анын калдыктары белгилүү мезгилге чейин адамдардын аң-сезиминде, жүрүм-турумунда сакталышы мүмкүн, к. Экстремизм.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4