Улуу жибек жолу — б.з.ч. 2-кылымдын ортосунан орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода жана маданий-карым катнаш жолунун аталышы.

Б.з.ч. 2-1-кылымдарда Улуу жибек жолу Кытай менен Жер ортолук деңизинин аймагын байланыштырып калды.

Бул жол Чыгышта - Кытай, Батышта - Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө - Чыгыш Европаны жана Сибир аймагын, түштүктө - Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.

Кыргызстан аймагы да Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан.

Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.

Марко Полонун саякатынын жолнаамасы.

Эне-Сай Кыргыз кагандыгы менен Орто Азиянын бириктирген сода жолу Кыргыз жолу деп аталган.

Булактар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.

ISBN 5-89750-028-2

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 155-157 бб.