Ульяновск (1924-ж. чейин Симбирск) Россиядагы шаар, Ульянов облусунун адм. борбору.

Куйбышев суу сактагычындагы порт, Волга жана Свияга д-нын боюнда жайгашкан. Москвадан 890 км түштүк-чыгышта. Калкы 615,3 мин (2013). Т. ж. түйүнү. Машина куруу, металл иштетүү (заводдору: автомобиль, мотор, уникалдуу станокторду чыгаруучу, «Контактор» ж. б.), электр энергетика, курулуш материалдар, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ, театрлар, музейлер (край таануу, сүрөт), Лениндин мемориал комплекси (шаар анын ысымынан аталган), жазуучу И. А. Гончаровдун тарыхый-мемориал музейи ж. б. бар. 1648-ж. Симбирск чеп катары негизделген, 17801924-ж. - Симбирск. У-де 1870-ж. 10 (22)-апрелде В. И. Ульянов (Ленин) туулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4