Уоллис жана Футуна

деңизде жайгашкан Франциянын деңиздик коому.

Уоллис жана Футуна, расмий түрдө Уоллис жана Футуна аралдарынын аймагы (/ˈwɒlɪs  fuːˈtuːnə/) — Тынч океандын түштүгүндөгү француз аралдарынын коому, түндүк-батышта Тувалу, түштүк-батышта Фижи, түштүк-чыгышта Тонга, чыгышта Самоа, түндүк-чыгышта Токелау.

Франция Франциянын деңиздеги коомдук аянты
Уоллис жана Футуна
фр. Territoire des lies Wallis et Futuna
Желек
Туусу
Герб
Герби
Урааны: Liberté, égalité, fraternité
Гимни: «Марсельеза»
Абалынын тарыхы

1887: Уоллис протектораты
1888: Ало жана Сигаве протектораты
1961: Жаңы Каледониядан бөлүнүү
2003: Учурдагы абалы

Борбору

Мата Уту

Ири шаары

Мата Уту

Расмий тилдери

Француз тили

Таанылган аймактык тилдери

Уоллис тили • Футуна тили

Этникалык улуттар

59.1% Уоллистиктер
27.9% Футуналыктар
12.7% Француздар

Демоними

уоллистик, футуналык

Өкмөтү

деволюциялык парламенттик курулуш

Падыша

Паталионе Канимоа

Мыйзамы

Аймактык Кеңеш

Аянты
• Жалпы

142.422

Популяция
• Калкынын саны

11.151 (2023)

• Жыштыгы

78.3 киши/км2

Экономикасы
Жалпы ИДӨ

188 млн$

Ар бир жанга ИДӨ

12,640$

Акча бирдиги

Тынч океандык франк (₣)

Убакыт аралыгы

UTC+12:00

Телефон коду

+681

Сыпаттама түзөтүү

Тынч океандын түштүк-бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Тувалу, түштүгүнөн Самао, түштүк-чыгышынан Тонго, батышынан жана чыгышынан Фижи менен чектешет. Аралдын курамына 3 ири (Увала, Футуна, Алафи) жана 22 майда аралдар кирет. Туруктуу калк жашаган аймагы - Увеа жана Футуна. Аянты 274 км2. Калкы 12,2 миң (2013). Борбору - Мата-Уту. Расмий тили - француз тили.

Акча бирдиги - француз (контор) тынч океандык франкы. Аралдын аймагын (Футуна жана Алафи) 1616-ж. голландиялык деңиз саякатчылары Виллем Схаутан менен Якоб Лемер, Увеа а-н англиялык деңиз саякатчысы С. Уоллис ачкан. 1888-жылдан протекторат. 1961-жылдан Франциянын «деңиздеги алыскы департаменти», Учурдагы статуеуна 2003-жылдан ээ. Рельефи өтө тилмеленген. Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Айлык орточо температурасы 25-26°С. Жылдык жаан-чачындын саш 2500-3000 мм. Ноябрдан апрелге чейин жаан чачын көп жаайт. Экономикасында Франциядан алган субсидиа, чет өлкөлүк кемелерге балык кармоо үчүн лицензия сатуу, Жаңы Каледонияга келип иштеген арал жарандарынын акча которуусу чоң роль ойнойт.

Экономикасы түзөтүү

ИДПнин көлөмү 188 млн АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштүргөндө 12,8 миң доллардан туура келет. Ошондой эле айыл чарбада маанилүү орунда. Чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалат. Жыгач даярдалат. Кокос пальмасы, нан дарагы, ямс, таро банан өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк (жыгачтан буюм-тайым жасоо) өнүккөн. Деңиз порттору: Мата-Уту, Леава (Футуна а-нда).

 
Уоллис жана Футунанын пальмалары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4