Жети-Суу жөнүндөгү эң байыркы маалыматтарды биз кытай даректеринен табабыз; андан кыйла эрте грек жана рим жазуучуларынан биз Сыр- Дарыянын ары жагындагы, ар биринин жашаган жери аныкталбаган элдердин аталыштарын гана табабыз. Кытайлыктарга Жети-Суу биздин заманга чейинки II кылымдын аягында гана, качан кытай өкмөтү кубаттуу хунндарга каршы союздаш издеп, батыш өлкөлөргө элчиликтерин жөнөткөндө белгилүү болгон. Хунндар жеңип алган элдердин катарына алгач Нан-шань кырка тоолору менен Булунцзир дарыясынын ортосундагы аймакта көчүп жүргөн усундар кирген; бул жерде хунндар менен салгылашта алардын падышасы курман болгон; анын жаңы төрөлгөн баласын хунндардын падышасы тарбиялоого алган жана кийин согуштук жүрүштөрдө ал өзүн көрсөткөн соң ага атасынын элин кайтарып берген. Усундар өзүлөрүнүн бир кездеги коңшулары, хунндар тарабынан талкаланган юечжилерди, болжолу тибеттен келип чыккан элди куугунтукка алууга катышышкан. Батышты көздөй жылуу учурунда юечжилер Жети-Суудагы сэ деген элди сүрүп чыккан, бул аталышты, адатта, Орто Азия жөнүндөгү грек жана перс кабарларында көп эскерилген сак деген эл менен окшоштурушат, бирок мындай жакындаштыруунун пайдасына тыбыштык окшоштуктардан башка эч кандай далилдерди келтирүүгө мүмкүн эмес. Өз кезегинде юечжилерди усундар сүрүп чыгарган, алар биринчи кытай элчиликтери келген доордо Жети-Сууда үстөмдүк кылып турушкан, ошентсе да өлкөдө эскерилген эки элдин тең бөлүктөрү жашап калышкан. Бул жерде гунъто титулун алып жүргөн усундардын падышасы Лецзяоми тез арада ушунчалык деңгээлдеги кубаттуулукка жетишкендиктен, хунндарга такыр баш ийбей калган. Чыгышта анын ээлиги түздөн- түз хунндардын ээлиги менен жанаша жаткан (кытайлар бул же тигил элдин ээликтеринин чегин так аныктап беришпейт); усундар өлкөсүнүн түштүк тарабында Чыгыш Түркстандын башынан эле отурукташкан аймагы, түштүк-батышында Фергана, батышында көчмөн каңгүй элинин (балким, түрк эли каңлы) ээлиги болгон. Усундар Фергананын түндүк-чыгышында, каңгүйлөр түндүк-батышында жашагандыктан, алардын ээликтеринин арасындагы чек болжол менен Жети-Суу менен Сыр-Дарыя аймагынын ортосундагы чекке туура келет. Усундардын келип чыгышына кайрылсак, алардын тилинен бизге энчилүү аттар менен титулдар гана, ал дагы кытай транскрипциясында жетип, алиге чейин бир да лингвист тарабынан изилдене элек (биз көп кайталануучу ми мүчөсүнө гана көңүл бура алабыз); алардын сырткы кейпи жөнүндө кытай жазуучусу Шы-гунун соңку мезгилдеги (б.з.УП к.) төмөндөгүдөй далилдерин көрөбүз: «Усундардын кебетеси батыш аймактагы чет элдиктерден кыйла айырмаланып турат. Көгүлтүр көздүү жана сары сакалчан, маймылга окшош азыркы түрктөр чыны алардын укум-тукумдары». Албетте, Абель-Ремюзадан баштап Клапротко чейинки баштагы ориенталисттер болжолдогондой усундар арийлер болгонбу, же академик В. В. Радлов жана түрктөр жөнүндөгү эң жаңы изилдөөлөрдүн автору Н. А. Аристов болжогондой түрктөрбү деген маселени чечүү үчүн бул өтө аз.

Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Усундардын конуштары негизинен Жети-Суунун талаа-түздүктүү бөлүгүн ээлегендиктен кытайлар алардын жерлерин текши жана чөптүү дешет; ошондой эле өлкөнүн климаты суук жана жаанчыл экендиги айтылат. Тоолору ийне жалбырактуу дарактарга чулганган. Элинин саны 120 000 түтүн, же 630 000 жан деп аныкталат; усундар аскерге бир эле учурда 188 800 адам чыгара алышкан. Борбору, же туурасы, усундардын башкы ордосу Чигу, кыязы, Ысык- Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде болгон, анткени кытайлар аны Ак-Суудан түндүк-батышка, Фергананын борборунан 2000 ли түндүк-чыгышка жана каңгүй ээликтеринин чектеринен 5000 ли аралыкка жайгаштырышат. Чигу шаары б.з. VII кылымындагы кытай маршруттарында Бедел ашуусунан болгону 50 ли аралыкта турат деп эскерилет; бирок бул маршрут негизинен абдан кумөндүү жана кандайдыр бир синолог тарабынан жаңы изилдөөнү талап кылат. Аристов мырзанын Чигу Кызыл-Суунун дал жээгинде болгон деген ынандыруусу эмнеге негизделгенин биз билбейбиз. Башка жагынан алганда, Аристов мырзанын усундар сыяктуу көчмөн элдердин курулуштарынын издерин азыркы учурда издөө эч пайдасыз деген пикирине макул болбой коюуга болбойт. Ошондой эле, айрым учурларда азыр да айтыла калып жүргөндөй, Ысык-Көлдүн жээктеринде же түбүндө сакталып калган байыркы эстеликтердин бардыгын усундарга таңуулоого эч негиз жок. Биз усундардын аты да эбак жок болуп кеткен мезгилде Ысык-Көлдө шаарлар жана чептер болгондугун көрөбүз.

Болжолу б. з. 105-ж. ченде кытай элчиси Чжан Цянь усундарга келген жана аларга чыгышка кайтып барып, кытайлар менен бирдикте хунндарга каршы кайрадан жиберилген баалуу тартуулардан айрылып калышкан. Мунун негизинде гуньмо Кытайга жаңы элчилик жөнөтүп, кытай ханышасын ага аялдыкка берүүнү өтүнгөн жана келишимдин тартуусу катары 1000 жылкыны кошо жиберген. Анын өтүнүчү аткарылган, бирок каныша гунь-монун кенже зайыбы гана болуп калган, ал эми хунн шаньюйунун ошол эле учурда усундардын карыган ханына берген кызы улуу зайыбы деп жарыяланган. Башка жашоо-турмушка көнгөн кытай канышасы талаа-түздө куса болуп, өз кайгысын ырларына төккөн, «кийиз менен капталган тегерек жалпак үйдө жашап, эт жеп, сүт ичкен усун падышасына» күйөөгө берип салды деп муңканган. Кытайлардын Ферганага жортуулу мезгилинде (102-ж.) кытай өкмөтүнүн каалоосу боюнча усундар 2000 адамдан турган жардамчы отряд жөнөткөн, бирок алар тыңдоочу абалды ээлешкен жана согуштук аракеттерге катышкан эмес.

Өлөр алдында гуньмо талаа салты боюнча сэньцзу титулун алып жүргөн небереси жана ордун басуучу Гюньңюймиге канышанын турмушка чыгышын талап кылган; каныша каалаган эмес, бирок кытай өкмөтү аны элдин салтына баш ийүүгө ынандырган. Сэньңзудан жалгыз гана жашы жете элек уулу (хунн канышасынан) Ними калган; тактыны Ниминин жашы жеткенге чейин сэнь- цзунун эки ата өткөн тууганы Унгуйми убактылуу ээлеген дагы, өзүнөн мурунку башкаруучунун жесири, кытай канышасына үйлөнгөн (бул сэньцзуга берилген экинчи каныша болгон; Лецзяоминин жесири буга чейин өлгөн). Кыязы, Унгуйми таланттуу башкаруучу болгон жана элдин ички турмуш деңгээлин, ошондой эле өз элинин сырткы кубаттуулугун жогорулата алган. Б.з.ч. 71-ж. кытайлар менен келишип алып, Унгуйми хунндарга каршы жеңиштүү жүрүш жасаган, 40 000 ге жакын адамды туткундап кеткен жана 70 000дей малды талап алган. Ал ошондой эле Чыгыш Түркстандын иштерине да кийлигишкен; анын экинчи уулу Яркенддин ээси болуп дайындалган, улуу кызы Кучанын башкаруучусуна турмушка берилген. Унгуйми б.з.ч. 60-жылдардын аягында өлгөн; анын ордун Куан-ван титулу менен Ними мурастаган.

Куан-ван өзүнен мурунку башкаруучунун жесирине үйлөнгөн жана анын жашы өтүп калганына (50дөн өткөн) карабастан уулдуу бөлгөн, бирок аялы менен ынтымакта жашашкан эмес, ошондой эле элдин сүйүүсүнө жетише албаган. Качан Чнгуга кытай элчилиги келгенде каныша элчилерди үлпөт өткөрүүгө макул кылган, анда Куан-ван өлтүрүлүшү керек эле. План ишке ашпады; Куан- ван болгону жарадар болгон жана атчан чаап кеткен. Падышанын уулу Сисэнь- сэу аскерлердин башында туруп, Чигуну курчоого алган, кыязы, ал кытайлар менен канышанын колунда болгон. Кытай өкмөтү өзүлөрүнүн элчилеринин күнөөсүн жумшартууга шашкан; алар Кытайга алып келинген жана өлүм жазасына тартылган; падышага белек-бечкектер жана жараатын айыктыруу үчүн врач жөнөтүлгөн; суракта каныша өз күнөөсүн танган. Куан-ванга каршы элдин нааразылыгынан Унгуйминин хунн канышасынан төрөлгөн уулу Уцзюту пайдаланган; ал «түндүк тоолорго» (Ала-Тоо) кетип калган, хунндардан жардам күткөнүн жарыялаган, өз айланасына элди топтоп, капысынан Куан-ванга кол салып, аны өлтүргөн жана ордун ээлеген. Кытайлар хунн партиясынын салтанатына жол бере алышмак эмес жана Жети-Сууга жортуулга даярданышкан; бирок усун төрөсүнө турмушка чыккан кытай аялдын жардамы менен жарашууга жетишишкен. Уцзюту кенже гуньмо титулун кабыл алган; Унгуйминин уулу Юаньгуйми улуусу деп жарыяланган. Улуу гуньмого 60 000 түтүн, кичүүсүнө 40 000 түтүн эл тийген. Уцзюту кытайлардын шериктеши катары ал түгүл хунндар менен согушкан, бирок ийгиликсиз; анын кытайларга каршы аракеттери кыйла ийгиликтүү болгон.

Мындай кош бийлик сөзсүз түрдө баш аламандыкка жана өз ара согушка алып келээри шексиз болгон. Белгилүү убакытка чейин Юаньгуйминин небереси улуу гуньмо Цылиминин кубаты менен тартип калыбына келтирилген; анын башкаруусу өлкөгө Унгуйминин мезгилиндеги «бейкуттукту жана тынчтыкты» кайтарып берген. Ошону менен «анын жайыттарында эч ким малын жаюуга батынбастыгын жарыялаган», кыязы, бул усундар өлкөсүндө тыюу салынган жайыттар болгондугун көрсөтөт, алар кийинчерээк түрктөрдө жана моңголдордо курук деп аталган.Цылими кичүү гуньмо жөнөткөн киши өлтүргүчтүн колунан өлгөн; андан кийин кытайлар тактыга анын небересин, кытай канышасынын уулу Ичимини отургузушкан. Кытайлар улуу гуньмолор менен кичүүлөрүнүн ортосундагы күрөштө негизинен биринчилеринин тарабында болушкан. Качан кытай өкмөтүнүн макулдугу менен кичүү гуньмо Аньлими хунндар тарабынан бийликтен түшүрүлүп, өлтүрүлгөндө жана анын ордуна кытай өкүлү олтургузулганда (б.з.ч. 11-ж.), анын атасынын бир тууганы Бихуаньчжи 80 000 адам менен түндүккө, кытайларга кеткен жана ал жактан эки гуньмого тең кол салып турган, натыйжада алар да Кытай менен бекемирээк жакындашкан. Б.з.ч. 1-ж. Ичими Кытай борборуна келген, ал жерде ага салтанаттуу кабыл алуу уюштурулган; борбордо аны менен бир мезгилде хунндардын шаньюйу болгон; акырында Бихуаньчжи кытайлык жергиликтүү башкаруучу тарабынан «кокусунан кол салуунун натыйжасында» өлтүрүлгөн (сыягы, ал дагы атайы жөнөтүлгөн киши өлтүргүчтүн жардамы менен).

Б. з. 8-ж. ченде Чыгыш Түркстан кайрадан хунндардын бийлигине өткөн; кытайлардын «батыш аймак» менен алакасы токтогон жана 73-ж. гана кайра башталган; 97-ж. кол башчы Бань Чао жөнөткөн кытай отряды Каспий деңизине чейин жеткен. Бул окуялар, кыязы, Жети-Сууга таасир тийгизбесе керек, биз анын бул доорго таандык тарыхы тууралуу эч кандай кабарларга ээ эмеспиз. Болгону II кылымда усундар Кытайдан «такыр оолактаганы» айтылат. Ошондой эле б. з. II кылымынын аягында кеңири жайылган хунндарды Монголиядан батышка сүрүү мезгилинде алардын Жети-Суу аркылуу өткөндүгү жөнүндө да эч нерсе билбейбиз, II кылымдын ортосунан Кытайдын тарыхында тумандуу мезгил башталат жана V кылымга чейин батыш менен алака кайра башталган эмес.

Моңголиядагы хунндардын ордун сяньбилер, кыязы, тунгустардан келип чыккан эл ээлеген. Сяньбилик башкаруучу Тань-шихай (181-ж.) батыштагы жерлердин бардыгын усундардын ээликтерине чейин баш ийдирген . Ал эми IV кылымдын башында башка сяньби сулалесинин башкаруучусу Юйлуй «усундардын байыркы жерлерин» багындырган. IV кылымдын аягынан VI кылымдын ортосуна чейин Орто Азияда биринчилик жужандарга таандык болгон, адатта аларды да тунгус элдеринен деп эсептешкен. Жужандардын жортуулдары усундарды Жети-Суунун түздүктөгү бөлүгүнөн Тянь-Шань тоолоруна биротоло көчүп кетүүгө мажбурлаган. 425-ж. батыштын айрым башкаруучулары, дегинкиси усундар, Түндүк Кытайга элчилерди жөнөткөн, бул учурда ал жерде Юань Вей же Бэй Вэйдин сяньбилик сулалеси үстөмдүк кылып турган; ошентип Кытайдын батыш элдери менен алакасы кайра башталган. 436-ж. усундарга Кытай элчилиги жөнөтүлгөн; андан кийин усундар жыл сайын Кытайга тартуу менен элчилик жөнөтүп турган. Мындан кийин биз тарыхтан усундардын атын өз алдынча эл катары көрбөйбүз; белгилүү болгондой, бул ат жалгыз гана кыргыз-казактардын Улуу ордосунда сакталып калган (уйсундар).

Булактар:Бартольд, Соч., т. II