Утайшань - Кытайдын чыгышындагы тоо; Шаньси провинциясында. Кытай буддизминде ыйык деп саналган 4 тоонун бири.

Уз. 170 кмдей. Бийикт. 3061 м. Кумдук, акиташ жана жанар тоо тектеринен турат. Жону жайпак, капталдары тик. Бир нече храмдар (1-к.), 8-9-кылымга таандык жыгачтан салынган кечилканалар сакталган. 2008-ж. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4