Уулжанэто имя обозначает душа мальчика. Под этим именем девочки рождаются красивыми умными и милыми.

Күйүккөн экен ошо деп,

Уулжан берип ичинен

Эски дартын буздуруп,

Жазылып жаткан андан көп (Кол жазмалар фондусу, 572инв., 516-б.) — деп, сүрөттөлөт. У. же улжан дары чөп катары кыргыз элдик медицинасында кеңири колдонулуп келген. Ошол элдик медицинадагы У. жөнүндөгү маалымат көркөм формада эпостон орун алган.

Уулжан (лат. Ferula kuhistanica) – чайырлар уруусуна кирген өсүмдүк түрү. Көп жылдык чөп, бийикт. 150-180 смге жетет. Тамыры жоон, тик ылдый өсөт. Сабагы катуу, жоон, киргил кызыл, түп жагы эски жалбырактардын сабагы менен курчалган, жогору жагы көп бутактуу, ошондуктан өсүмдүктүн жалпы формасы шар сымал. Жалбырагынын уз. 15-30 см, үч ирет тилкелүү, жалпы формасы жүрөк сымал. Чатырча топ гүлгө чогулган, гүл сабы түрдүү узундукта, чатырчасынын жалпы диаметри 10-15 см. Желекчелери сары түстө, мөмөсү сүйрү, жалпак, көп кырдуу, киргил-кызыл түстөгү кутуча. Кыргызстандын Алай, Туркестан, Кыргыз, Суусамыр, Фергана тоолорундагы боздоңдо, тоонун таштак, кумдак беттеринде, өзөндөрдө, кээде шалбааларда кездешет. Кыргызстандан тышкары Иранда, Индияда, Гималайда кездешет. Сабагында, мөмөсүндө, тамырында эфир майы бар. У. илгертеден эле эл арасында ашказан, айрым жараат ооруларын дарылоодо колдонуп келген. Ошондуктан эл арасында “Уулжан болсо уулум өлбөйт эле” деген макал бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4