Учуучу аппарат - жер атмосферасында же космос мейкиндигинде башкарылма учууну аткаруучу түзүлүш.

Бул аппарат айыл чарба курулуш ж. б. жумуштарын аткарууда. жүргүнчү жана жүк ташууда. илимий изилдөө иштеринде жана аскердик максатта колдонулат. Учуучу аппарат атмосфералык жана космостук болуп айырмаланат. Атмосфералык Учуучу аппарат абадан оор жана абадан жеңил болуп 2 класска бөлүнөт. Учуучу аппаратка планета ж. б. асман телолорунун тартуу күчү, атмосферада учуу мезгилинде чөйрөнүн каршылыгы да таасир этет. Бул күчтөрдүн аракетин Учуучу аппараттын көтөрүү күчү жана тартуу күчү жеңет. Бул күчтөр аппаратты башкаруу үчүн да колдонулат. Көтөрүү күчүн пайда кылууда аэростатикалык, аэродинамикалык жана газаводинамикалык принциптер пайдаланылат. Аппарат толтурулган газ менен атмосфера тыгыздыгынын айырмасы аэростатикалык күчтү (же Архимед күчүн) пайда кылат. Аба винти же реактивдүү кыймылдаткыч пайда кылган тартуу күчү отун күйгөндө бөлүнүп чыккан заттын кыймыл санына барабар.

Реактивдүү кыймылдаткыч аба-реактивдүү жана ракеталык болуп бөлүнөт. Аба винти жана аба-реактивдүү кыймылдаткычтын жардамы менен тартуу күчүн пайда кылуу үчүн жумуш аткаруучу зат катары атмосфера газы (аба) пайдаланылат. Ракета кыймылдаткычында күйүүчү отунду Учуучу аппарат өзү менен кошо алып жүрөт да, ал атмосферада жана космосто учууда колдонулат. Тартуу жана которуу күчүн пайда кылуу энергияны сарптоого байланышкан. Энергия химия же ядролук отундан, космосто күндөн да алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.