Фабула (лат. – аңгеме, тамсил) – эпикалык, драмалык, лирикалык-эпикалык чыгармалардагы сүрөттөлгөн окуялар жөнүндө баяндоо. Кээде бул сюжет термини менен синоним катары да колдонулат. Бирок сюжеттен айырмасы фабулада баяндоонун, сүрөттөөнүн тартиби бузулат. Маселен, окуя мезгилдик тартип боюнча биринен кийин бири өнүгүү керек болсо, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында андай эмес, окуянын аягыраак жери биринчи берилет да, анан Эдигей менен Казангапка байланыштуу ар түрдүү учурда болгон окуялар көрсөтүлүп барат, б.а. каармандын өмүр жолу үзгүлтүк менен башы, аягы, ортосу алмашып отурат, мунун баарын чыгарманын соңунда гана билебиз. Көп адабиятчылар фабула терминин сюжет, сюжеттик схема, сюжеттин композициясы деген түшүнүктөр менен алмаштырат да "фабула" деген терминди керексиз деп эсептешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004