Факультет (лат. facultas - мүмкүндүк, жөндөмдүүлүк) - жогорку окуу жайдын окуу-илимий жана административдик бөлүгү.

Факультатив бири бирине жакын бир же бир нече кесип боюнча студенттерди, аспиранттарды даярдап, тийиштүү эл чарба жана маданият кызматкер-леринин адистигин өркүндөтөт, ошондой эле өзүнө баш ийген кафедралардын илимий изилдеө иштерине жетекчилик кылат.

Окуу жайын факультеттерге бөлүү орто кылымдагы университеттерде башталган. Илимдин ажырымдалып, өнөр жайдын өсүшүнө байланыштуу 18-19-кылымдарда факультет саны көбөйгөн.

Көптөгөн жогорку окуу жайларда өз алдынча сырттан окуу, кечки, жумушчу, айылдык жаштарды жогорку окуу жайына даярдоо боюнча даярдоо факультеттери, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча да факультет бар.

Факультетти декан башкарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9