Фанерозой эону (гр. phaneros - чыныгы жана zoe - жашоо, жашоо тиричилиги) - Жердин геологиялык тарыхынын эң ири этаптарынын бири.

Ага палеозой, мезозой жана кайназой замандары кирет. Мындан 570 млн жыл мурун башталып, азыркыга чейин уланууда. Терминди америкалык геолог Ж. Чедвик сунуштап, Жердин бүт геологиялык тарыхын криптозой эону жана Фанерозой эону деп экиге бөлгөн (1930). Фанерозой эону жандыктардын калдыктарынын көптүгү менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4