Фауна (лат. Fauna - Рим мифологиясындагы токой жана талаа кудайы) - белгилүү аймакта жашоочу жаныбар түрлөрүнүн жыйындысы.

Фауна (Австралия).

Тигил же бул аймактын Фаунасы тирүү Фауналык комплекстерден түзүлөт. Фауналык комплекстер тундра, тайга, токой, талаа, чөл, жарым чөл ж. б. болуп бөлүнөт. Талаа зонасынын Фаунасы талаа Фауналык космополиттеринен жана комплекстеринен ж. б-дан түзүлөт. Ар бир Фаунада теги ар башка жаныбарлар (автохтондор, аллохтондор) же башка жерден келген (имигранттар) түрлөр жашайт. Кандайдыр бир аймактын Фаунасынын калыптанышы ал жердин рельефине, климатына, физика-географиялык шартына (чөл, тоо, чоң дарыя ж. б.) байланыштуу болот. Жердин тарыхында көптөгөн Фауна айлана-чөйрөнүн кескин өзгөрүшүнөн алмашып турган. Мындай алмашуу жаңы түрлөрдүн таралышын шарттаса, экинчи жагынан мурдагы түрлөрдүн саны азайып жана тукум курут болушуна алып келген. Фаунаны изилдөөдө белгилүү аймактын жаныбарлар түрү аныкталып, толук тизмеси түзүлөт. Азыркы Фаунада 1 500 000ден кем эмес түр болушу мүмкүн.

Жыл сайын 10 000дей жаңы түр ачылып, сыпатталып жазылат. Фаунаны үйрөнүү жаныбарлардын санын жөнгө салуу, байырлаштырууда жана табиятты коргоодо мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4