Фенолфталеин, 4,4-диоксифталофенон, С20Н|4О4 жытсыз, даамсыз, түссүз, крисстал күкүм, мол. масс. 318,33, балкып эрүү 1259-263°С, сууда эң начар эрийт, спиртте жакшы эрийт, эфирде аз эрийт. Ф. щелочтор суюлтулган эритмесинде эригенде мала кызыл түскө боёлот, ал к-таны ашыгы менен куйганда түссүздөнөт, ал эми щелочь эритмеде көбүрөөк болсо түссүздөнөт. Бул учурда жүрө турган процессти төмөндөгүдөй көрсөтүүгө болот:

Ф. NаОН менен балкытып эриткенде 4,4'-диоксибензофенон пайда болот. Конц. Н2SО4 менен ысытканда фенол жана b оксиантрохинон пайда болот. Ф. ZnС12 катышуусунда 105-110°С фенолду фтал ангидриди менен балкытып эритүү менен алынат. Ф. индикатор катарында аналитикалык хим-да кеңири колдонулат (рН мааниси 8,2-10).

Колдонулган адабияттар түзөтүү