Фенотип (гр. phaino - билгизем ж-а тип) - генетикалык түзүлүшү (генотип) менен сырткы чөйрөнүн өз ара аракеттенишүү процессинде калыптанган, особдун бардык касиеттеринин жана белгилеринин жыйындысы. Ф. деген термин 1903-ж. В. Иоганнсен тарабынан киргизилген. Ф-те генетикалык бардык мүмкүнчүлүктөр ишке ашпайт жана ал белгилүү шарттарда генотиптин ишке ашырылышынын айрым учуру гана болуп саналат. Ошондуктан, эгерде ар түрдүү шарттарда өнүгүшсө, толугу менен бирдей генотиптерге ээ, бир жумурткалуу эгиздерден да билинип турган Ф-тик айырмачылыктарды табууга болот. Генотиптин жана Ф-тин ортосунда бир маанилүү дал келүү болбойт: генотиптин өзгөрүшү дайыма эле Ф-тин өзгөрүшү менен коштолбойт, ал эми Ф-тин өзгөрүшү сөзсүз эле генотиптин өзгөрүшү менен байланыштуу эмес. Микроэволюция процессинде тандоо особдордун Ф-и боюнча жүрөт. Ошентип, популяцияларда генотип аркылуу чектелүүчү реакциялардын кеңири формасына ээ, же генотип аркылуу жетишээрлик так аныкталуучу керектүү Ф-теги особдор сакталып калат. Популяциядагы ар түрдүү генотиптеги особдордо Ф. боюнча тандоо, ырааттуу түрдө генотип боюнча да тандоого алып келет. Генотиптик өзгөргүчтүк жүрбөсө, Ф. боюнча тандоо эч кандай натыйжа бербейт, бул В. Иогансен тарабынан таза линиялардагы тандоо боюнча жүргүзүлгөн тажрыйбаларда көргөзүлгөн.

3 ≠ Фенотип (Petunia sp.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү