Фес - Марокконун түндүк-батышындагы шаар.

Фес-Бульман облустунун административдик борбору. Калкы 1,0 млн (2010). Жолдор тоому. Өлкөнүн ири тарыхый маданий жана соода-өндүрүш борбору. Текстиль, тамак-аш, химиялык, жыгаччылык өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. ЖОЖ (а. и. Карации мусульман университети), музей (Марокко исквосу), Карауин мечити (9-12-к.), Аттарин, БуИнания медресеси, Мокфия мончосу (бардыгы 14-к.), Фес-эль-Жадидде Чоң мечит (13-14-к.), Дараль-Махзен ак сарайы (13-кылымдын аягы - 1718-к.) сакталган. 8-кылымда негизделген.

1981-ж. шаардын тарыхый бөлүгү (байыркы Фес - Медина) Бүткүл дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4