Филармония (грек. phileo -сүйөмүн, harmonia - үндөштүк, добуштук айкалыш) - айрым өлкөлөрдө концерттик уюмдун аталышы.

Филармония кыймылынын башаты 19-кылымдын биринчи жарымына тийиштүү. Филармония коомдору Европада жана Америкада пайда болуп, алгач алар симфониялык музыканы жайылтууга аракеттенген. Биздин өлкөдө Филармонияга мамлекеттик концерттик уюм катары музыкалык көркөм өнөрдү кеңири таратуу милдети жүктөлгөн. Мындан тышкары Филармония жаш аткаруучулардын адистик деңгээлинин, чеберчилигинин өсүшүнө көмөк көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.