Филиппин тилдери - Филиппин архипелагында жашаган түпкүлүктүү калктардын тилдери.

Малайя-полинез тилдерине кирген индонез тилдеринин өзүнчө бир топчосун түзөт. Филиппин тилдери 100дөн ашат.

Негизгилери: бисай, тагал, илокан, пампанган, пангасинан, бикол, ибанаг жана самбал; бисай тилинин диалектилери көпчүлүк учурда өз алдынча тил катары да каралат. Калктын 85% ушул негизгилери деп саналган тилдерде сүйлөйт.

Филиппин тилдери - агглютинациялама тил. 18-кылымдын ортосуна чейин оригиналдуу муун жазмалары лайдаланылып, кийин латын графикасы кабыл алынган. Филиппин тилдеринен тагал тили гана өөрчүгөн адабий формага ээ. Ошон үчүн ал «улуттук тил» же «филинин тили» деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9