Фитоценоз, өсүмдүктөр коомдоштугу (гр. phyton – өсүмдүк, koinos – жалпы) – белгилүү аймакта өсүп, жандуу жана жансыз чөйрөнүн башка компоненттери менен татаал байланышта болгон автотровтуу жана гетеротрофтуу өсүмдүктөрдүн жыйындысы. Ал өтө татаал биогеоценоз системасынын олуттуу бөлүгү. Өсүмдүктөр коомдоштугу автотрофтуу организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында күн нурун сиңирип жана биоценоздун бардык компоненттеринин катышуусунан аны бир түрдөн экинчи түргө өзгөртүп, заттардын биологиялык айлануусун ишке ашырат. Өсүмдүктөр коомдоштугуна кирген бардык өсүмдүктөрдүн түрлөрү бирдей шартта өсүүгө ыңгайланышкан. Ф. динамикалуу система болгондуктан жыл ичинде жана жылдын жылга өзгөрүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү