Флотация – ар кандай катуу заттар майда бөлүкчөлөрүн алардын ар кандай нымдалышына негиздеп бөлүп алуу ыкмасы. Ф. пайдалуу кендерди байытууда кеңири колдонулат. Ф. минералдык эмес аралашмаларды бөлүүдө жана суюктукта калкып жүрүүчү катуу бөлүкчөлөрдү чыгарып алууда да колдонулат. Пайдалуу кендерди байытуу үчүн Ф., майда талкаланган руданын суудагы суюк аралашмасына жыйноочу реагентти кошкондо, ал пайдалуу руданын бөлүкчөлөрүнүн бетине адсорбцияланып, алардын суулануу жөндөмдүүлүгүн азайтат. Мындай бөлүкчөлөр суюк аралашма аркылуу жиберилген аба көбүкчөлөрүнө жабышат да, аралашманын жогору жагына чыгат (флотацияланат). Көбүктөнүүчү реагенттер катышуусунда, суюк аралашманын үстүндө пайдалуу минерал көбүктөнгөн туруктуу катмары (концентрат) пайда болот. Башка минералдар бөлүкчөлөрү аба көбүкчөлөрүнө жабышып концентратка өтүп кетишин токтотуу үчүн, алардын сууланышын көбөйтүүчү депрессор – реагентти кошушат. Аралашма үстүнө калкып чыккан көбүкчөлөрдү калпып алуу менен тоо-кендери пайдалуу компонентин бөлүп алууга жетишет. Кээ бир учурда суюк аралашмага активатор деп аталуучу реагентти кошуу менен жыйноочу реагенттер сорбцияланышын жогорулатып алардын гидрофобдук таасирин күчөтөт. Жыйноочу реагенттер катары анионактивдүү, катионактивдүү жана ионогендүү эки беттик активдүү заттар колдонулат. Жыйноочу реагенттер суу менен минерал чегарасына сорбцияланат да, уюлдуу топтору минералга, ал эмес уюлсузу сууга багыттылат. Натыйжада пайдалуу минерал бөлүкчөлөр бети суу менен нымдалбаган абалга айланат. Цинк, коргошун, никель, алтын, темир сулфиддеринен турган минералдар үчүн жыйноочу реагент катары тиолдук (-SH) тиондук (=S) же дисульфиддик (-S-S-) топтор түрүндөгү эки валенттүү күкүрттүү алып жүрүүчү заттар эсептелет. Мындай бирикмелер кендин пайдалуу компоненттерине күчтүү сорбцияланып, пайдасыз компоненттерге начар сорбцияланат. Үюлсуз беттүү минералдар үчүн (көмүр, графит, күкүрт, молибденит) жыйноочулар болуп алифаттык углеводороду бар ар кандай майлар эсептелет. Активатор жана депрессор катары колдонулуучу реагенттер ар түрдүү. Алардын таасири руданын минералдык курамына гана көз каранды болбостон, колдонулуучу жыйноочу реагентке да көз каранды. Алсак, кальций иону кварцты самын менен флотациялоодо активатор боло алат, бирок аны катиондук жыйноочулар менен флотациялаганда депрессор милдетин аткарат. Күкүртүү жыйноочулар менен флотациялоодо цинк обманкасы үчүн активатор катары жез, ал эми жез менен коргошун оксиддик минералдары үчүн активатор болуп натрий сульфиди эсептелет. Депрессорлор катары уюлдуу топту кармаган ар кандай ири мол. массалуу заттар (крахмал, декстрин, таннин жана өңдөгүч заттар экстракты) колдонулат. Көбүктөнүүчү реагенттер катары суу менен абанын чегарасына сорбцияланууга жөндөмдүү жана көбүктү орточо стабилдештирүүчү заттар колдонулат. Бул максатта кызыл карагай майы, көмүртек 6-8 атому бар бир атомдуу алифаттык спирт, крезол, ксиленол жана башкалар колдонулат. Суу аралашманын щелочтуулугун жөнгө салуу үчүн акиташ, сода жана күкүрт к-тасын колдонот. Флотациялоону реагенттерди тандоо, аларды чыгымдоо жана аралашманын чөйрөсүң көзөмөлдөө менен жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү