Форстерит (англ. коллекционер Я. Форстердин ысмынан аталган) - минерал, оливиндер тобундагы магнийдин силикаты, Mg2Si04.

Кошундусу Fe. Түссүз, ак, жашыл же боз түстүү, айнектей жылтырайт, катуулугу 7, тыгыздыгы 3,275 г/см'\ морточо Күкүрт к-тасында эрийт. Форстериттин тунук түрү хризолит деп аталат. Ультранегиздүү магма тоо тектерин түзүүчү минерал, кээде контакттык метаморфизмде, ошондой эле терм метаморфизминин доломитинде, магнезийлүү скарнда, мрамордо кездешет. Авгит, плагиоклаз, магнетит, хромит ж. б. менен чогуу учурайт. 2013-жылга карата, Гренландиядан Антарктидага чейин 800дөн ашык жерде Форстерит табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4