Фосген, көмүр кислотасынын дихлоран гидиди, СОС12, — чириген чөп жыттанган, түссүз газ; мол. масс. 96,92. Кайноо t - 8,1°С, балкып эрүү t- 113°С. Сууда начар, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Газ абалындагы Ф. абадан оор; абадагы ным менен жай, сууда тезирээк гидролизденет. Ал аммиак жана аминдер менен реакцияга кирип, мочевина жана изоцианат, спирт менен хлоркарбонат жана карбонат берет. Ф. щелочтор менен тез гидролизденет. Аммиак менен кошулганда мочевина жана аммоний хлориди пайда болот. Аминдер менен реакциянын шартына жараша алкил алмашылган мочевина же изоцианаттар пайда кылат. Ф. көмүртек (II) оксиди менен хлорду 125-150°С реакцияга киргизүүдөн алынат. Белоктор, эриткичтер, дарылар, мочевинаны жана башка алууда колдонулат. Ф. ууландыруучу газ. 0,1-0,3 мг/л концентрациясы 13 минутада адамды өлүмгө дуушар кылат. Аны менен иштөөдө противогаз колдонуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү