Фотон (гр. photos - жарык) - элементардык бөлукчөх электр-магниттик нурлануу кванты. Белгилениши ү. Фотондун тынч абалындагы массасы (т0) нөлгө барабар болгондуктан, анын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына барабар деп алынат.

Спини 1. Ф. бозон бөлүкчөлөрдүн тобуна таандык. Ал электр-магниттик, гравитациялык аракеттешүүгө катышат. Фотонду теор. жактан М. Планк (1900), А. Эйнштейн (1905-17) аныктаган. 1923-ж. табылган. Жашоо убактысы туруктуу. Фотон - ааламдагы саны боюнча эң кеңири тараган бөлүкчө. 1 нуклонго 20 миллиарддан кем эмес Ф. туура келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4