Фотосфера - түздөн-түз байкоого ыңгайлуу болгон Күндүн жарыктанган сферасынын бети фотосфера деп аталат. Фотосфера Күндүн атмосферасынын төмөнкү катмарын түзүп, калыңдыгы 300–400 кмге жетет. Бизге жеткен жарык жана жылуулуктар Күндүн түпкүрүнөн чыгып, фотосфера аркылуу бизге жеткирилет. Анын орточо тыгыздыгы 10-4 кг/м3. 1 см3 өлчөмдөгү көлөмдө негизинен суутектен турган атомдордун саны 1017на барабар. Фотосферанын температурасы анын тереңине кирген сайын жогорулап, орточо 6000 Кге жакын. Анын эң жогорку катмарынын температурасы 400 Кге жетет.

Фотосфера — Күндүн жарыктанган сферасынын бети

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.