Франций (латын тилинен Francium, Fr) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи; к.н. 87; ат. м. 223. 20 ашык изотобу белгилүү, бирок туруктуу изотобу жок. Туруктуураак изотобу 223Fr (Т1/2 =21,8 мин .), М.Перей 1939-ж. ачып, өз өлкөсүнүн урматына франций деп атаган: 22789Ас ® 22387Fr + 42He. Калыңдыгы 1,6 км жер үстүнкү кыртышында 24,5 г франций кездешет. Өтө туруктуу жашоо мөөнөтү аз болгондуктан, касиеттери курамында өтө аз сандагы францийи бар бирикмеден изилденет. Металл түрүндөгү Ф. балкып эрүү температурасы 20оС, кайноо температурасы 650оС; тыгызд. 2,48 г/см3 ; бирикмелеринде окистенүү даражасы+1; Ф. физ. жана химиялык касиеттери цезийге жана башка щелочтуу металлдарга окшош. Туздары сууда жакшы эрийт. Ac, Th элементтеринен экстракция жана хроматография ыкмалары менен бөлүнүп алынат. 223Fr изотобу 227Ac аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү