"Френни менен Зоуи" (англ. Franny and Zooey) - америкалык жазуучу Ж. Д. Сэлинжердин "Френни" кыска аңгемесин жана "Зоуи" новелласын камтыган китеп. Бул эки чыгарма биригип 1961-жылы бир китеп болуп жарыкка чыккан. Алар The New Yorker журналына 1955 жана 1957-жылыдары басылат. Китепте Гласс үй-бүлөнүн кичүүлөрүү, Сэлинжердин китептеринин көнүмүш болуп калган каармандары Френни жана Зоуинин окуясы баяндалат.

Френни менен Зоуи (1961).

"Френни" чыгармасында, кичинекей гуманитардык колледждин (Уэллсли колледжи болушу мүмкүн) акыркы курстун студенти Френни Гласстын окуясы баяндалат. Окуя колледждин аты белгисиз бир кичинекей шаарында орун алат, ал жерде Френни өзүнүн сүйгөнү Лейн менен кездешет. Өзүмчүл жана калп айткан адамдардан көңүлү калган Френни динге кайрылат.

"Зоуи" аңгемесинин окуясы Гласстардын үйүндө уланат. Ата-энесинин Манхэттендеги үйүндө Зоуинин кичүү карындашы Френни рухий жана экзистенциалдык жактан азап тартып жаткан кезинде ал карындашына бир туугандык сүйүүсүн көрсөтүп, акылмандар айткан сөздөр менен жардам берет.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү