Фреска (италянча fresco – жаңы, чийки) – монументалдык живопистин акиташты негизги байланыштыруучу зат катары колдонгон маанилүү техникалык бир түрү. Ф-га кеңири мааниде негизинен а фреско, а секко жана жаңы шыбактын үстүн­дөгү казеиттик – акиташ живописи кирет. Казеттик акиташ живописи Ф-нын эң жакшы практикалык варианты болуп саналат, аткарылышында кээ бир эркиндиктерди колдонуу менен ал ачык асман астында, сууга туруштук берген бекем живописти берет. Ф. сөздүн кууш маанисинде – жаңы акиташ шыбагынын үстүндө а фреско техникасы менен тартылган жана темпера менен оңдолбогон дубал сүрөттөрү таза Ф. деп (буон фреско) аталат. Монументалдык живопистин фреска техникасы менен аткарылган чыгармалары да Ф. деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү