Фригия - Кичи Азиянын батышындагы тарыхый аймак.

Балкандын түштүгүнөн бул аймакка көчүп келген фригийлердин атынан аталган. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта аймагы кеңейип, Улуу Фригия аталган. Фригия падышалыгынын негизделишине 12-кылымда Хетт падышалыгынын кулашы маанилуү роль ойногон. 10-кылымда өзүнчө падышалыкка айланып, Эгей деңизине ээлик кылган.

Ассирия менен болгон согуштарда бир нече жолу жеңилген.7-кылымдын 70-ж-нда киммерийлер кол салган. 6-кылымда Лидия падышасы Гигеске, 5-кылымда перстерге көз каранды болгон. 4-кылымда Александр Македонский басып алып, ал өлгөн соң, алгач Антигонго, кийин Лисимах менен Селевкиддерге баш ийген. Б. з. ч. 275-ж. чыгышын галаттар, 189-ж. батышын пергамдар караткан. Б. з. ч. 133-ж. Рим ээлигине кошулган. Фригиянын калкы дыйканчылык, мал чарбачылык жана соода менен алектенишкен. Ф. өз монетасын чыгарып, фригия жазмасын колдонгон. Кийин Ф-лыктардын бир бөлүгү Каппадокияга жер которуп кетишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4