Фруктоза

даамы таттуу, моносахарид

Фруктоза, мөмө-жемиш канты, кант; левулоза — даамы таттуу, моносахарид, С6Н12О6, М. С.- 180, 16, 2-кегогексозанын төрт изомеринин бири. Ф. жаратылышта Д-формасында (левулоза, жемиш канты, Д-арабингексоза) кеңири таралган. Көпчүлүк мөмө-жемиштер, өзгөчө алма, помидор, аары балында (50% ) кездешет. Олиго- жана полисахариддер курамына кирет. Ф. мөмө-жемиштер, сахарозаны жана полисахариддер гидролиздөөдөн, ошондой эле глюкозага щелочь таасир кылуудан алынат. Ф. резорцин жана туз к-тасы менен ысытканда кызыл (Селиванов реакция-сы), мочевина кошкондо көк, барбитур жана тиобарбитур кислоталары менен сары-кы-зыл түстөрдү пайда кылат. Ушул түстүү реакциялар Ф. аныктоодо колдонулат. Ф. эң баалуу тамак-аш, организмге жак-шы сиңет, таттуулугу сахарозадан 1,5 эсе, глюкозадан 3 эсе ашат. Тамак-аш ө. ж-нда, медицинада дары-дармектерди алууда кенири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү