Фрэнсис Луиза Макдорманд (англ. Frances McDormand;1957-жылы 23-июнда туулган) — америкалык актриса. Ал 1984-жылдан бери режиссер жана жазуучу Жоел Коен түтүн булатып келет жана бир тууган Коендердин бир нече тасмаларында, анын ичинде "Жөнөкөй кан" (англ. Blood Simple, 1984), "Аризонаны тарбиялоо" (англ. Raising Arizona, 1987), "Фарго" (англ. Fargo, 1996-жыл), "Ал жерде болбогон киши" (англ. The Man Who Wasn't There, 2001), "Окугандан киийн өрттөп сал" (англ. Burn After Reading, 2008) жана "Цезарга даңк!" (Hail, Caesar!, 2016) кинофильмдеринде тартылган. МакДорманд — актердук үчүн үч таажыга тең ээ болгон саналуу өнөр адамдарынын бири. 1997-жылы ал "Фарго" тасмасындагы эмгеги үчүн "Оскардын" "Эң мыкты актриса" сыйлыгын утуп алган. 2011-жылы ал Бродвейде "Жакшы адамдар" спектаклиндеги ролу үчүн "Тони" сыйлыгын, ошондой эле 2015-жылы "Олив Китерриж" сериалы үчүн "Эмми" сыйлыгынын "Кичи сериалдагы же тасмадагы башкы каармандын эң мыкты ролу" наамына татыган.

Макдорманд 1984-жылы "Ойгон жана ырда" спектакли менен Бродвей театрындагы дебютун кайра жандантып, 1988-жылдагы "Кумар трамвайы" спектаклиндеги Стелла Ковалскинин образын жаратканы үчүн "Тони" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал 2008-жылдагы "Кыштактын кыз" спектаклине катышуу менен Бродвейге 20 жылдан кийин кайтып келип, "Драма Деск" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал "Миссиссиппи өрттөнүп атат" (англ. Mississippi Burning, 1988), "Дээрлик таанымал" (англ. Almost Famous, 2000) жана "Түндүк өлкө" (англ. North Country, 2005) тасмаларында тартылып, "Оскардын" "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле, ал "Кыскача окуялар" (англ. Short Cuts, 1993), "Алгачкы турмуштук коркуу" (англ. Primal Fear, 1996), "Кызык балдар" (англ. Wonder Boys, 2000), "Жүрөгүң эңсеген нерсе" (англ. Something's Gotta Give, 2003) жана "Жакшы динозавр" (англ. The Good Dinosaur, 2015) тасмаларында тартылган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү