Фтизиатрия (грек тилинен фθίσις — сил кесел, арыктоо жана грек тилинен ιατρεία — дарылоо) — медицинанын кургак учук оорусунун пайда болуу себебин, өөрчүү механизмин, клиника-морфологиялык көрүнүшүн, эпидемиологиясын, дарылоо жана алдын алуу чараларын изилдөөчү тармагы. Азыркы фтизиатрияда түрдүү диагностикалык методдор (клиникалык, рентгенологиялык, эндоскопиялык, биохимиялык жана башкалар) пайдаланылат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8