Фучжоу - Кытайдын түштүк-чыгышындагы шаар.

Фуцзянь провинциясынын адм. борбору. Миньцзян дарыянын чатында жайгашкан. Чыгыш Кытай деңизиндеги порточо Калкы 1,3 млн (2010; агломерациясы менен 1,5 млн). Эл аралык аэропорту бар.

Ири өндүрүш борбору. Машина куруу (электроника приборлору-компоненттери, телекоммуникация жана медициналык жабдуулары, автомобиль ж. б.), химиялык (а. и. лак жана боёк), жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, текстиль (жибек, кебез-кездеме), полигр. ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Электроника, маалымат жана биотехнологияга илимий-изилдөө ж. б. жүргүзулөт. ЖОЖдор, Хуалинь храмы, эс алуу парктары ж. б. бар. Шаарга жакын уран казылып алынат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4