Хамелеондор (лат. Chamaeleonidae) - кескелдириктер түркүмүнүн тукуму (кээде өзүнчө түркүмчө).

Bradypodion pumilum.

Дене уз. 60 смге жетет. Тулкусу капталынан кысыңкы, мойну кыска, куйругу узун, даракка оролууга ы=гайланган. Көп түрлөрүнүн башында мүйүз жана тери өсүндүсү (жал, дөңчөлөр, учтуу мүйүз сымал) болот. Буту узун беш манжалуу. Тили жабышкак узун болгондуктан, курт-кумурскаларды кармап жейт. Ошондой эле майда омурткасыздар, ирилери майда курттар, кескелдириктер менен азыктанат. Көздөрүчоң, ар бири өз алдынча кыймылдайт. Чөйрөгө жараша түсүн бат өзгөртөт (аты ошондон). 4 уруусу, 90дөй түрү Африкада, Мадагаскар а-да, Батыш жана Түштүк Азияда, 1 түрү Түштүк Европада кездешет. Көбүнчө даракта, бадалда, куйругу, буту менен бутакты кармап, узакка отурат. Көпчүлүгү жумуртка (35ке чейин), айрымдары жумуртка-тирүү тууйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4