Хангай - Монголиянын борбордук бөлүгүндөгү тайпак тоо.

Уз. 700 км, туурасы 200 кмге чейин, бийиктиги 2000-3000 м (эң бийик жери 3905 м, Отхон-Тенгри чокусу). Гранит, сланец, кумдук, базальттан түзүлгөн. Чокусу көбүнчө жалпак келип, айрымдарында мөңгүлөр кездешет. Майда көлдөр, ысык булактар бар. Кургакчыл тоо талаа өсүмдүктөрү, түндүк капталдарында жазы жалбырактуу токой өсөт. Хангайнын аймагында археологиялык эстеликтер көп; коруктар уюштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4