Харрисон Форд (англ. Harrison Ford;1942-жылдын 13-июлунда туулган) - америкалык актер жана тасма продюсери. Ал дүйнөлүк атак-даңкка “Жылдыздар согушу” (англ. Star Wars) сериалындагы Хан Солонун жана “Индиана Жонс” (англ. Indiana Jones) сериалында башкы каармандын ролун ойноо аркылуу жетишкен. Актер “Лезвие кырында чуркоо”( англ. Blade Runner, 1982) тасмасында Рик Декарддын ролун жараткан. 1985-жылы тартылган “Күбө” (англ. Witness ) аттуу романтикалык триллерде Жон Буктун ролу үчүн “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты актер” номинациясына көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Патриоттук оюндар” (англ. Patriot Games, 1992) тасмасында Жек Райандын ролун ойноп, “Ачык жана азыркы коркунуч” (англ. Clear and Present Danger, 1994) тасмасына дагы тартылган.

Анын чыгармачылыгы алтымыш жылдык доорду камтыйт. Актер Голливуд блокбастер тасмалары “Кыямат жакын” (англ. Apocalypse Now, 1979); “Айыпсыздык презумпциясы (англ. Presumed Innocent, 1990); “Качкын” (англ. The Fugitive, 1993); “Президенттин учагы” (англ. Air Force One, 1997) жана “Жалган эмнени жашырат” (англ. What Lies Beneath, 2000) тасмаларында ойногон. Ал ойногон алты фильм АКШнын Улуттук фильм реестрине катталган. Алар – “Америка граффитиси” (англ. American Graffiti, 1973), “Сүйлөшүү” (The Conversation, 1974), “Жылдыздар согушу” (англ. Star Wars, 1977), “Империя кайра сокку урат”(англ. The Empire Strikes Back (1980), “Жоголгон кемени издей” (англ. Raiders of the Lost Ark, 1981) жана “Лезвие кырында чуркоо" (англ. Blade Runner, 1982) болуп саналат.

1997-жылы "Эмпайр" журналынын аныктоосу боюнча “Бардык мезгилдердин эң мыкты 100 тасма жылдызы” тизмесинде Харрисон Форд биринчи орунда турган. [колдонулуучу булакты көрсөтүү керек].2016-жылга карата АКШнын ички прокатындагы Х.Форд катышкан тасмалардин кирешеси АКШда $ 4, 7 миллиард түзсө, дүйнөлүк деңгээлде $ 6 миллиард долларды түзүп, ал АКШнын кирешеси эң көп актеру катары таанылган.. Х. Форд Калиста Флокхартга үйлөнгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү