Хаттусас, Хаттуса, Хаттушаш байыркы Хетт мамлекетинин борбору.

Богазкале кыштагына жакын Борбордук Анатолиядагы Кызыл Ырмак дарыянын жээгинде, Түркиянын азыркы борбору Анкара шаарынан 145 км чыгышта жайгашкан. Шаар б. з. ч. 2-мин жылдыкта негизделип, соода жолдорунун кесилишинде курулган. Жалпы аянты 120 га. Айланасы түшүмдү көп берүүчү жерлер, жайыттар, токойлор менен курчалган. Храмдар жана сарайлар салынып, суу өткөрүлгөн. Суу тегирмени иштеген. Бийиктиги 6 м, туурасы 8 м келген эки катар дубал менен курчалып, дарбазанын батышына эки таш арстан, түштүгүнө сфинкстер орнотулган. Шаарда падыша сарайы, китепкана, кудайлардын храмдары ж. б. болгон. Хетт падышалыгы Байыркы Грекия менен маданий жана соода байланыш тузгөн. Хаттусастын калдыгы (сарай, храм, турак жайлар ж. б.) 1834-ж. табылып, 1906-ж. археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Аны б. з. ч. 12-кылымдын башында «деңиз каракчылары» кыйраткан. 1996-ж. ЮНЕСКОнун Бүткул дүйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4