"Хитмэн" (англ. Hitman) — 2007-жылы тартылган француз-америка-британ экшн триллер тасмасы. Режиссеру Хавиер Генс. Ушул эле аталыштагы видео оюндар сериясына негизделип тартылган. Окуя "Уюм" деп аталган топто адамдарды өлтүрүүгө үйрөтүлгөн, кесипкөй көзгө атар Агент 47нин айланасында өнүгөт. Ал саясий кутумга аралашып калып, Интерпол менен Орусиянын атайын кызматтарынын бутасына түшүп калганын билип калат. Тасмага Тимоти Олифант, Ольга Куриленко жана Дугрей Скотт тартылышкан. АКШда 2007-жылдын 21-ноябрында, Бириккен Королдукта ошол эле жылдын 30-ноябрында, ал эми Францияда бир айдан кийин 26-декабрда көрүүчүлөргө сунушталган. Киносынчылардын ой-пикири өтө жакшы деле болбой калганына карабастан каржылык жактан ийгиликтүү болуп, 24 млн доллар бюджет менен тартылган тасма 99 млн доллар киреше алып келген.

Уландысы өндүрүш учурунда токтоп калганы менен "Хитмэн: Агент 47" деген аталышта кайра иштелип чыккан версиясы экрандаштырылган. Анда Руперт Френд Агент 47нин образын жараткан. Тасма көрүүчүлөргө 2015-жылдын 21-августунда сунушталган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү