"Хор" (англ. The Chorus, орус. Хористы) (фр. Les Choristes) - 2004-жылы Германия-Швейцария-Франция биргелешип тарткан Крситофер Барратирдин драмасы. Тасма 1945-жылы тартылган "Үкүлөрдүн капысы" (фр. La Cage aux rossignols) аттуу тасманын адаптацияланышы болуп саналат жана анын сценарийин Барратир менен Филиппе Лопес-Көрвал жазышкан. Ал эми "Үкүлөрдүн капысы" Вилер жана Жорж Чаперот жазган окуяга негизделип, Ноел-Ноел жана Рене Вилер адаптациялашкан.

Тасма дүйнө жүзүнө белгилүү болгон ийгиликтүү оркестр дирижеру Пиер Морхэнждин (Жак Перрин), апасы каза болгондон кийин Францияга кайтып келишин баяндайт. Ал балачактагы досу Пепинот (Дидир Флеменд) менен алардын мурунку музыка боюнча мугалими Клемент Мэтюнун күндөлүгүн окуп жатып балачактагы эргүүлөрүн эске салат. 1949-жылы жесир аял Виолеттанын ( Мери Бүнел) Морхэнж аттуу начар жүрүм-турумдуу уулу болот . Ал "татаал мүнөздүү" балдар окуган жана катаал директор Мисё Рашин жетектеген "Fond de L'Étang" ("Көлчүктүн түбү") аттуу пансионго окууга келет. Клемент Метю аттуу жаңы мугалим мектепке келгенден кийин ага көрк берип, хор тобун жетектей баштайт. Убакыттын өтүшү менен ал Морхэнждин музыкалык жана физикалык таланттарына күбө болуу менен баладагы чоң өзгөрүүнү байкайт.

77-"Оскар" сыйлык тапшыруу аземинде "Чет тилдеги эң мыкты тасма" жана "Эң мыкты ыр" наамдарына көрсөтүлгөн (фр."Vois sur ton chemin", анг. аталышы "Look to Your Path").

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү