Циклогексан, гексаметилен, гексагидробензол—алициклдүү каныккан углеводород; мүнөздүү жыты бар түссүз суюктук; эрүү t 6,55'С, кайноо t 80,74'С. тыгызд. 0,778 г/см3 (20oС), cууда эрибейт, эфир, ацетон, бензол менен аралашат. Нефть продуктуларында кездешет. Ц. бензолго (катализатор катышуусунда) суутекти кошуудан; нефть продуктулары бензин фракциясынан алынат. Ц. эриткич жана циклогексанол, циклогексанон, адипин кислотасын, нитроциклогексан, е-капролактам жана башка продуктуларды синтездөөдө сырьё катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү